Камбаралы Конгантиев 2005-жылы 10-ноябрда президенттин жардыгы менен баш прокурор болуп дайындалган. Бирок коомчулукта ал жетектеген бир жарым жылга жакын убакыттын ичинде Башкы прокуратура эл күткөн натыйжаларды бере алган жок деген пикирлер айтылып келген. Бул арада өлкөдө коррупция күч алып, буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай, тескерисинче аягы тыйылбай жаткандыгы, уюшкан кылмыштуулуктун өсүп кеткендигин белгилеген оппозиция Камбаралы Конгантиевди кызматтан алуу талабын өткөн жылы 29-апрелдеги митингден тарта кое баштаган. Андан кийин ноябрь айында болгон митингде да оппозиция койгон негизги талаптардын бири – Камбаралы Конгантиевди жана анын бир тууган иниси, Бишкек шаардык ИИБ жетекчиси Молдомуса Конгантиевди кызматтан кетирүү болчу.
Мындан тышкары бир тууган Конгантиевдердин үстүнөн жазылган арыздардын негизинде өткөн жылы күз айларында президенттик администрациянын атайын комиссиясы иликтөө жүргүзгөн. Иликтөөнүн корутундусунда комиссия мүчөлөрү баш прокурор адистештирилген прокуратураны жоюуда, айрым бир кызматкерлерди кызмат орундарына дайындоодо Конституция баш болгон бир топ мыйзамдарды бузууга баргандыгын белгилеп, сот чечимдерин аткарбай койгондугу үчүн анын баш прокурордук кызматка канчалык ылайыктуу экендигин карап чыгууну президентке сунуштаган.
Ал эми Бишкек ШИИБнын жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин иши Улуттук Коопсуздук кызматы тарабынан кылдат изилденүүгө тийиш деп белгилеген.
Бирок ошол мезгилден бери президент өзүнүн кол алдында түзүлгөн комиссиянын бүтүмүнөн жыйынтык чыгарбай келген. Мамлекет башчынын бүгүн күтүүсүз жүрүш жасап, баш прокурор Камбаралы Конгантиевди кызматтан алуусуна саясатчылар түрдүү баа беришүүдө. Кээ бир иликтөөчүлөр президенттин бул кадамы 11-апрелден тарта башталат деп айтылып жаткан мөөнөтсүз митингге байланыштуу болду деп эсептешүүдө.
Айрым саясатчылар болсо президент Камбаралы Конгантиевдин ишине канааттанбагандыктан улам кызматтан бошотту деген пикирлерди айтып жатышат. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова экс-баш прокурор Аксы окуясына байланыштуу кызматынан кетти деп эсептейт:
- Камбаралы Конгантиев Аксы окуясына байланыштуу ишти аягына чыгара алган жок. Бул тууралуу президенттин тапшырмасын аткарбады. Тескерисинче 2002-жылы 17-мартта ок мыйзамдуу атылган деген корутунду чыгарып, күнөөнү элге койду. Мына ушундан улам президент аны кызматынан бошотту деп ойлойм. Анткени Курманбек Бакиев мындай кадамга Аксыга барып келген соң барып жатат.
Камбаралы Конгантиев Башкы прокуратуранын ишин тиешелүү деңгээлде жүргүзө албагандыгынан улам кызматынан кетти деген пикирин талдоочу Орозбек Молдалиев да билдирди:
-Эл ичинде Башкы прокуратуранын ишине нааразылык көп. Бирөөнү эле айтайын, жакында эле депутат Темир Сариевдин үстүнөн 100 миң доллар өлкөдөн алып чыгып бараткан деп Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул аягына чыккан жок.
Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Токтогул Какчекеев мындай пикирлерди четке какты. Ал Камбаралы Конгантиев баш прокурор болуп келгенден бери прокуратура тармагынын абалы оңдолгонун айтып, уюшкан кылмыштуулук, буйрутма киши өлтүрүү, коррупция жана башка кылмыш иштерин аягына чыгаруу бир гана прокуратуранын иши эмес деп белгиледи:
-Мамлекеттик жүк тең болууга, бардык структураларга тең бөлүнүүгө тийиш. Кылмышка байланышкан иштин баарын эле прокуратура чечип, прокуратура аягына чыгарууга милдеттүү дей берүү туура эмес. Муну эл да түшүнүүсү керек. Ошондуктан, жеке эле Башкы прокуратураны күнөөлөй берүүгө болбойт,-дейт Токтогул Какчекеев.
Саясий талдоочулардын арасында баш прокурорлук кызматынан бошотулган Камбаралы Конгантиев жакында эле бошогон Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалуусу мүмкүн деген пикирлер айтылууда.