Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ: КҮНӨӨКӨРЛӨР ТАБЫЛМАЙЫНЧА АКСЫ ЖАРААТЫ АЙЫКПАЙТ


Аксы трагедиясы жана “Кристалл” ишканасынын айланасындагы окуялар Кыргызстанда учурда эң курч турган маселелер болуп саналат. Ушуга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна президенттин Түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев жооп берди.

- Президент Аксы трагедиясынын курмандыктарын эскерүүгө катышып кетти. Курманбек Бакиев 5 жыл мурда алты киши атылган трагедиянын күнөөкөрлөрүн табууга убада кылды. Бирок жергиликтүү эл бул курулай тил эмизүү деп ишенбей жатышат. Ушуга байланыштуу президенттин аймактагы өкүлү катары аксылыктарга сиз кандай жооп бересиз?

- Аксы окуясы Кыргызстандын соңку тарыхында эң кайгылуу окуялардын бири. Бирок биз Аксы окуясына саясий баа менен укуктук бааны берип, күнөөлүүлөрдү тапмайынча Аксы окуясынан сабак алган эмес болобуз. Ошон үчүн мен ойлойм башкы проркурор кайрадан ишти тергеп, аягына тез аранын ичинде чыкканда гана биздин коомчулукта Аксы окуясына баа берилет. Ага дейре биз дайыма кайра артка 2002-жылга 17-мартка кайрыла беребиз. Ошон үчүн сөзсүз түрдө Аксы окуясынын негизги күнөөкөрлөрүн табыш керек.

- Учурдагы эң курч маселенин дагы бири бул “Кристалл” заводунун айланасындагы ызы-чуу. Ташкөмүрдөгү бул ишкананын акцияларынын арзан сатылып кетишине кандайча жол берилди?

- Азыр президенттин жарлыгына ылайык түзүлгөн өкмөттүк комиссия иштеп атат. Жыйынтыгын күтө туралы. Бирок бул жерде менин жеке пикирим, ачык-айкын сатылганда бул маселе болбойт эле. “Кристалл” мурунку ПЕСАК программасына кирип, көп жылдардан бери анын айлана-тегерегинде көп сөздөр болуп келген. Акыркы жолу сатылганда эч ким билбей, аукцион ачык болбой калганы бул катачылык деп ойлойм. Ошон үчүн тез аранын ичинде комиссия иштеп чыгып, кайрадан артка кайрылып келип ачык аукциондо акцияларын сатыш керек.

- Кыргыз өкмөтү үстүбүздөгү жылдын бюджетин али парламентке сунуш эте элек. Бюджети жок облусту кантип башкарып жатасыз?

- Бюджетти биз мыйзамдын негизинде он экиден бир бөлүгүн гана берип атабыз, бирок азыр айлык менен социалдык төлөмдөр гана болуп атат. Башка чыгымдар каржыланбагандыктан, бюджет кабыл алынбагандыктан акыбал оорлошуп кетиши мүмкүн. Бир күн жылды тойгузат деген жакшы сөз бар эмеспи, жаз жарыш болуп турганда бюджетти эртерээк кабыл алып берсе парламент өзүнүн ишин так аткарган болот эле. Бирок бүгүн биринчи квартал бүтүп атат, бюджет бүгүнкү күнгө чейин бекий элек.

- Оппозиция президент иштен кетсин же конституциялык реформа жүрсүн деп маселени азыр кабыргасынан коюп жатат, мына массалык акциялар өткөнү турат келерки айда, Ысыккөлдө оппозиция лидерлерине облустук бийликтер жай бердирбей коюп, ачык асман алдында эл менен жолугушуптур. Сиздерге оппозицияга карата кандай саясат жүргүзгүлө деген көрсөтмө болуп жатат жогорудан?

- Оппозициянын реформа болсун дегенине эч ким каршы болбосо керек, ал эми президенттин мезгилсиз тез арада кетсин дегени бул мыйзамга туура келбейт. Тандемдин бузулуш шарты деп ошого негиз коюш туура эмес. Бул эки кишинин саясий келишими болчу. Ал жерде укуктук келишим жок. Ошондуктан президенттин тез арада кетсин, шайлоо болсун дегенине мен кошула албайм. Ал эми реформаны бардык тармактар боюнча сөзсүз жасашыбыз керек.

- Массалык чыгууларга байланыштуу оппозицияга Ысыккөлдөгүдөй каршылык болбойбу сиздерде бийлик тараптан?

- Бизде андай кырдаал жок азырынча. Бирок шартка жараша ар бир абалды өзүнчө карайбыз сөзсүз түрдө. Бүгүнкү күнгө дейре бизге официалдуу эч ким кайрыла элек.

- Эгер кайрыла турган болсо оппозицияга уруксат бересиздерби эл менен жолугушууга жана жүрүштөрдү өткөрүүгө?

- Мыйзамдын негизинде биз бардыгын карайбыз.

-
Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG