Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

АКШ АСКЕРЛЕРИ ИРАККА КИРГЕНИНЕ ЭРТЕҢ ТӨРТ ЖЫЛ ТОЛОТ


20-мартта АКШ башында турган коалициялык күчтөрдүн Иракка согуш ачканына төрт жыл толот. Вашингтон түшүндүргөндөй, Саддам Хусейнди бийликтен кулатуу, анын режиминин кыргын салчу куралдарды жасоо мүмкүндүгүнөн ажыратуу максаты тез ишке ашырылды. Өлкөдө демократиялык шайлоо өттү. Бирок, Иракта тынчтык орной элек: козголоңчулардын чабуулу күн сайын күчөп, жаатташтык согушу да басыла элек. Ал эми дем алыш күндөрү Кошмо Штаттарда аскерлерди Ирактан чыгарууга чакырган демонстрациялар өттү.

Президент Жорж Буш төрт жыл мурда Саддам Хусейндин күчтөрүнө каршы согуш башталганын сын алгы аркылуу жарыялады.

- Менин буйругума ылайык, коалициялык күчтөр Саддам Хусейнди согушуу мүмкүндүгүнөн ажыратуу үчүн аскерий жактан маалилүү буталарга сокку урууну башташты.

Өткөн төрт жылда Саддам Хусейн кармалып, ирактыктарды кырды деген айып менен соттолду. 2005-жылы өлкөдө биринчи демократиялуу шайлоо өткөрүлдү. Мындай ийгиликтерге карабай Иракта кандуу коогалар басыла элек.

Операция башталгандан бир нече ай өтпөй Саддамга ишенимдүү күчтөр ал-каидачылар, ислам согушчандары жана улутчулдар менен чогуу баштаган партизандык согушу акыркы мезгилде дагы күчөөдө. Урушта, соңку маалыматтар боюнча АКШлык 3197 аскер катардан чыкты. Лондондо жайгашкан Iraq Body Count уюмунун эсеби боюнча 65 060 ирактык жаран набыт болду.

Ирактагы абалды стабилдештирүү үчүн Вашингтон жакында 130 миң аскерине кошумча 20 миң жоокер жөнөттү. 6-мартта Ирактын коңшулары, анын ичинде араздашып жүргөн Сирия жана Иран катышкан сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Айтсак, АКШ Иранды ирактык шииттерди аскерий эксперттер менен камсыздоодо деп, а Сирияны- сунни козголоңчуларына четжерлик согушчандар менен каржыны өткөрүүдө деп сындап келет. Ак Үйдүн дипломаттык аракети ийгиликке жетеби, азырынча белгисиз.

АКШнын өзүндө демократтар үстөмдүк кылган Конгресс аскерлерди 2008-жылы Ирактан чыгарып кетүү жөнүндөгү мыйзамды өткөрүүгө аракет кылууда.

Коргоо министри Роберт Гейтс 18-марттагы сөзүндө Конгресс согушту аяктоонун так мөөнөтүн белгилечү болсо, Иракта тынчтык орнотуу татаал болорун белгилеп мындай деди:

–…түз айтсам, Өкүлдөр палатасынын мен окуган мыйзам ирактыктарды колдоо аркылуу оң ийгиликке жетүү жөнүндө эмес, кырдаалга карабай (аскерлерди) чыгарып кетүү жагына көп көңүл буруптур.

Америкалыктар арасында Ирактагы согушка каршы маанай да өсүүдө. Дем алыш күндөрү Нью-Йоркто, Вашингтондо жана башка шаарларда Ирактан аскерлерди чакырып алууну талап кылып, миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар өттү.

Демонстрацияга чыккан адамдар:"Төрт жыл өтө эле көп, аларды (АКШ аскерлерин) үйгө азыр кайтаргыла. Төрт жыл өтө эле көп, аларды үйгө азыр кайтаргыла",-деп кыйкырып талап кылышты.

XS
SM
MD
LG