Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

БУУнун БАШКАТЧЫСЫ РЕФОРМАГА КИРИШТИ


Улуттар уюмунун башкы ассамблеясы уюмдун ишин реформалоо боюнча баш катчы Пан Ги Мун тарабынан киргизилген айрым маанилүү сунуштарды өткөн аптада колдоду. БУУнун башкаруу системасын реформалоо аракеттери уюмдун башкы каржылоочусу - АКШнын талабынан жана азык-түлүк үчүн мунай деп аталган программанын айланасында коррупциялык жаңаалдардан улам мурдагы башкатчы Кофи Аннандын кызмат мөөнөтүнүн акыркы эки жылында башталган эле.

Башкатчынын кызматына эки жарым ай мурда киришкен Пан Ги Мун өткөн аптада башкы ассамблеяда уюмдун ишин реформалоо боюнча алгачкы эки кадамына колдоо алды. Башкы ассамблея анын сунуштарын жалпы принцибинен жактырды, эми баш катчынын алдында деталдуу планды сунуш кылуу милдети турат. Ал колдоо алган эки багыттын бири – БУУнун Куралсыздандыруу ишин тейлеген мекемеси, экинчиси бейпилдик ортнотуу операцияларын тез жана жакшыраак уюштурууга багытталган. Пан Ги Мун Башкы ассамблея сунуштарын колдогон соң мындай деди:

- Куралсыздандыруу жана бейпилдик орнотуу операцияларын реформалоо боюнча бул эки резолюциянын кабыл алынышынан улам мен биз бул уюмдун натыйжалулугун жогорулатуу, эл аралык коомчукта тынчтык жана коопсуздукту сактоодо чогуу, натыйжалуу аракеттене аларыбызга ишенем.

Маселен азыркы эрежелер боюнча Улуттар уюму жыл ичинде дүйнөнүн тигил же бул жаңжалдуу чөлкөмүндө бейпилдик орнотууга багытталган көп максаттуу операциялардан бирөөнү гана уюштура алат, ошондой эле бир учурда дүйнөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүндө үч гана бейпилдик операциясын кармоого укуктуу.

Анткен менен соңку 36 айдын ичинде эле мына ушундай багыттагы тогуз миссия кеңейтилген. Баш катчы Пан Ги Мундун айтымында, бир эле жылдын аралыгында БУУнун бейпилдик миссияларына тартылган кызматчылардын саны 40%га көбөйүп кетиши мүмкүн.

Ал эми куралсыздандыруу иши боюнча жаңы уюшулуучу кеңсе, реформага ылайык, Жогорку өкүл тарабынан жетектелет. Анын кызматы башкатчынын орун басарыныкына барабар болот.

Айтор жогорудагы эки сунушунун Башкы ассамблеяда колдоо табышы башкатчы Пан Ги Мундун аброюн көтөргөн, ал реформага багыт алган көргөзгөн окуя катары каралууда.

Дегеле БУУнун башкаруу системасы өтө бюрократташкан, эффективдүү эмес, коррупцияга шарт түзгөн деп эсептелинет. Маселен Саддам Хусеиндин тушунда Иракка багытталган мунай үчүн азык түлүк программасынын айланасында коррупциялык жаңжаалдар тутанып, тергөө иштери жүргөн эле.

Эми алдыда каржылык башкарууну, сатып алуулар ишин реформалоо маселеси турат. Мындан да маанилүүсү - Коопсуздук кеңешинин реформасы. Пан Ги Мун өзү моюнга алгандай, бул багытта 10 жылдан ашуун убакыттан бери аракеттер көрүлгөнү менен олуттуу жылыш болгон жок:

- Коопсуздук Кеңешинин реформасы - биздин уюмдун өтө маанилүү жана сезимтал маселеси. Саясий сахнадагы олуттуу өзгөрүүлөрдү эске алганда, Коопсуздук кеңеши реформаланышы жана кеңейтилиши зарыл.

Мурдагы башкатчы Кофи Аннан Коопсуздук кеңешин азыркы структурасы, атап айтканда туруктуу мүчөлүк жана чечимдерге вето коюу укугу беш ири держава: Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШда гана болушу 21 - кылымдын эмес, Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки реалдуулукту чагылдырарын бир нече ирэт айткан эле. Коопсуздук кеңештеги мүчөлөрдүн саны азыркы 15 өлкөдөн 24кө көбөйтүү, туруктуу мүчөлөрдүн катарына дагы эки же төрт өлкөнү вето салуу укугун бербей, кошуу жөнүндө сунуштар болгон. Бирок ал сунуштар баштапкы баскычтан көтөрүлө алган эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG