Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

ПРЕЗИДЕНТ ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН ТИЛ ТАБЫШАБЫ?


«Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрү 19-мартта жыйын өткөрүп, жыйынтыгында 21-мартта президент Курманбек Бакиев менен болуучу жолугушууга кыймылдын атынан Алмаз Атамбаев барсын деп чечишти. Ал кыймылдын талаптарын президентке тапшыра турган болду. Реформачылардын штабынын координатору Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, өткөн жылы ноябрда болгон митингдеги конституциялык жана демократиялык реформалар жөнүндө ураан-талаптарга дагы жаңы талаптар кошулат. Оппозициянын талаптары тууралуу президенттин ой-пикири ачыкталгандан кийин гана «Реформа» кыймылы К. Бакиев менен кеңейтилген форматта жолугушу ыктымал. Мамлекет башчы 19-мартта «Реформа» кыймылынын мүчөсү Темир Сариевди кабыл алып, оппозиция коюп жаткан талаптарды аткарууга барышы мүмкүндүгүн, бирок чукул президенттик шайлоо өткөрүүгө караманча каршы экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG