Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

20-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Үмөтаалы Ормоновдун каты туурасында Жетисуу областтык штаб начальниги генерал-лейтенант Яковлев 1854-жылдын 20-мартында билдирүү жолдогон. Кыргыз элчилери Качыбек менен Жакыпбекти сыйлоо маселеси 1814-жылдын 20-март күнү Министрлер комитетинде оң чечилген.

Жетисуу областтык штаб начальниги генерал-лейтенант Яковлев 1854-жылдын 20-мартында Өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г.Х.Гасфордго билдирүү жолдогон. Билдирүүдө Үмөтаалы Ормоновдун 1854-жылдын 12-февралында жазган каты жана андагы маалымат туурасында түшүндүрмө берилет. Генерал-лейтенанттын кабарлоосуна караганда кокондуктар жаз келээр менен Или өрөөнүнө колсала тургандыгы жөнүндө маалымат алынган жана аны Үмөтаалы Ормонов да жазган катында аныктаган. Ошол эле кезде, ал акыркы кабарга сын көз менен карап, кокондуктардын акыркы жеңилиши, аларды чечкиндүү чара көрүүдөн сестендире тургандыгын билдирген. «Жаман айтпай, жакшы жок» дегендей, штаб начальниги кокондуктар колсала турган багытты бекемдеп, кошумча аскер күчүн тартуу зарылчылыгын көрсөткөн.

Кокон өкүмдары Худаярдын өзүмбилди наадандыгына нааразы болгон сарай кызматкерлери 1874-жылдын 20-март күнү ханга каршы кутум уюуштуруп, хандыкта төңкөрүш жасоого аракет жасашкан. Төңкөрүш башында турган кыргыздын багыш уруусунун башчысы Кантөрө баатыр такка хандын экинчи уулу Мухаммад Аминди алып келүүнү көздөшкөн. Кутумга кыргыздын багыш уруусу, Кантөрө баатырдын тууган-уругу жана жакын санаалаштары катышкан. Кутумчулар ханга шаардан сыртка чыккан маалда кол салып, төңкөрүш жасоону пландаштырышкан. Бирок кутумчулар арасынан Мадалибек чыккынчы чыгып, болгон сырды ханга билдирген. Худоаярдын көрсөтмөсү боюнча Кантөрө баатыр 16 жолдошу менен камакка алынып, кийин сууга чөктүрүлүп өлтүрүлгөн.

Орус бийлиги Чыгыш Түркстан жана Индия багытында соода жолун өздөштүрүш максатында экспедиция жабдып, ага губерниялык статс-котормочу Андрей Леонтьевич Бубеновду кошуп жиберген. Кийин кыргыз бийлери-Шапак, Шералы, Эшим жана башкалар орус бийлиги менен кызматташуу максатында өз элчилерин А. Л. Бубеновго кошуп жөнөткөн. Кыргыз элчилери Качыбек менен Жакыпбектер Сибирдеги орус бийлиги менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Сибирь генерал-губернатору Гланзеп элчилерди жеке өзү кабыл алып, Качыбекке кызыл жагоолуу алтын медаль, Жакыпбекке бриллиант шакек берүү өтүнүчү менен империянын Министрлер комитетине кайрылган. Генерал-губернатордун өтүнүчү Министрлер комитетинде каралып, 1814-жылдын 20-март күнү элчилерди сыйлоо маселеси оң чечилген.
XS
SM
MD
LG