Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 03:41

КЕМИНДЕ 15, ОТУЗАДЫРДА 11 ТАЛАПКЕР ДЕПУТАТТЫК МАНДАТ ҮЧҮН АТ САЛЫШАТ


№40 Отузадыр жана №57 Кемин округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 19-мартта аяктады. Ага ылайык Кемин боюнча 15, Отузадыр боюнча 11 талапкер шайлоодо ат салышуу үчүн арыз беришти.

Талапкерлерди көрсөтүү аяктагандыгы тууралуу “Азаттыкка” БШК басма сөз катчысы Нина Мухина маалымдады:

- Талапкерлерди көрсөтүү өнөктүгү аяктады. Кечээ Кемин шайлоо округунан 15 талапкер көрсөтүлсө, Отузадыр аймагынан 11 талапкер депутаттыкка ат салышууга арыз беришти.

Кемин шайлоо округунда депутаттыкка ат салышууга белсенгендердин катарында мурдагы президенттин кызы Бермет Акаева, мурдакы ички иштер министри, “Акыйкат” элдик партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшебаев, "Кыргызстандын элдеринин ар-намысын сактоо" коомдук уюмунун төрагасы Акин Токталиев жана башкалар бар.

Бермет Акаеванын депутаттык жарышка катышканы жатканы коомдук-саясий чөйрөдө кайчы пикирлердин жаралышын шарттады. Мисалы, Кеминден 2005-жылы шайлоого катышып өтпөй калган талапкерлердин бири Жыпар Жекшеевдин айтымында, “Акаевдердин айланасындагы чуу аягына чыга элек кезде Кеминге талапкердигин коюшу Берметтин өзүнүн граждандык укугу экендигине карабастан, моралдык жана саясий жагынан Кыргызстанга жакшылыкты алып келбейт":

- Акаевдин айланасында ушунчалык уу-чуу болуп аткан кезде кайра Кеминге талапкердигин коюшу Берметтин өзүнүн граждандык укугуна карабастан, моралдык жана саясий жагынан Кыргызстанга жакшылыкты алып келбейт. Себеби, акаевдер өздөрүнүн таза экенин далилдеп, элдин астынан өтө элек. Акаевдердин куйруктары, кошоматчылары дале бийликке умтулуп жатканынын бир көрүнүшү. Кеминде Акаев учурундагыдай эле шайлоо калыс өтпөйт.

Парламенттин ишине катышкан жок деген негиздеме менен мандатынан ажыраган, Акаевдердин ылым санаштарынын бири саналган Муратбек Малабаевдин ордуна Отузадыр шайлоо аймагы боюнча азыркы президенттин иниси Жаныш Бакиев талапкердигин коеру тууралуу маалымат тарап, бирок, кийинчерээк ал талапкердигин койбой тургандыгын расмий жарыялады. Анткен менен бул округдан 11 талапкердин катарында депутаттыкка Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу ат салышканы турат. Мындан сырткары “Эмгек жана биримдик” партиясынын мүчөсү, “Аска” акционердик коомунун төрайымы Айзада Манасова, Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин деканы Эгемберди Токторов, “Жоош” айыл өкмөтүнүн башчысы Осмоналы Аттокуров жана башка талапкерлер бар.

Шайлоо комиссиясы аталган эки округда шайлоо таза, ачык өтүшү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдоодо. Бирок, мурдагы шайлоо жараяндарын эске алган кыйла байкоочулар, бул жолку шайлоо деле таза шайлоо өтөрүнө ишенбей турушат. Алардын бири, жергиликтүү байкоочу Алишер Токсонбаев адаттагыдай эле добуштарды сатып алуу кадырэсе көрүнүштөрдүн бири болот дейт:

-Мурдагы шайлоодо элди акча, арак менен алдап, шайлоочулардын добушун сатып алуулар болгон. Бул жолу деле ошондой болот деп ойлойм.

29-апрелде болору күтүлүп жаткан бул эки округдагы шайлоого 2,6 миллион сомдон ашыгыраак каражат сарпталмакчы. Борборшайлооком бул каражатты эсептөөдө шайлоонун эки айлампасын эске алган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG