Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:38

ИРАК: ТЕРРОРЧУЛАРДЫН ОПУЗАСЫНАН БЕРЛИН КОРКПОЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Иракта эки немис адамын барымтага алган террорчулардын Алмания өкмөтүнө жасаган эскертүүсүнүн мөөнөтү аяктайт. Алардын айтымында, эгер Ооганстандагы немис аскерлери өлкөдөн чыгарылып кетпесе, Иракта туткунга алынган эки немис өлтүрүлөт.

61 жаштагы Ханнелоре Марианне Краузе жана анын жыйырмалардагы уулу Иракта февралда жоголуп кеткен. Краузе айым 40 жылдан бери Иракта жашаган, анткени Мохаммед ал-Торначи деген доктурга күйөгө чыккан. 10-март күнү болсо мурда эч кимге белгисиз "Адилеттүүлүктүн жебелери" жеген уюм эки туткун тартылган видеону интернет аркылуу көрсөтүп, эгер Алмания өзүнүн Ооганстандагы аскерлерин 10 күндүн ичинде чыгарып кетпесе, алар өлтүрүлөт беп билдирген. Алардын айтымында, кошуна Австриянын аскерлери да Ооганстандан чыгарылыш керек жана Берлин - ооган өкмөтүнө аскерий жардам көрсөтүү пландарынан баш тартууга тийиш.

Ирактын өзүндө Алманиянын аскерлери жок, Ооганстанда болсо НАТО куралдуу күчтөрүнүн курамында үч миң немис аскери бар, алар негизинен салыштырмалуу тынч түндүк аймактарда жайгашкан. Берлиндин айтымында, жакын арада ооган өкмөтүнө - Алманияда өндүрүлгөн жана "Торнадо" деп аталган чалгындоо учактары берилиш керек. Австрия болсо Ооганстанга бар болгону төрт гана аскер жиберген.

19-март күнү Берлин шаарында немис канцлери Ангела Меркел жана ооган президенти Хамид Карзай жолугуп, Ооганстандагы абал жана эки өлкө ортосундагы мамилелерди талкуулады. Немис өкмөтү ооган тарапка аскерий жардам көрсөтүп жатканын Карзай жогору баалады: "Ооганстандагы немис аскерлеринин аракеттерин кеңейтүү чечимин Алмания өзү кабыл алды. Ооган эли андай чечимди кубаттайт жана өлкөдөгү абалды калыбына келтирүү менен коопсуздук орнотууга багытталган Алманиянын кандай болбосун аракетин жактырат", - деди Карзай Берлинде. Жакын арада Ооганстанга бир нече "Торнадо" учагы жиберилүүгө тийиш.

Канцлер Меркел болсо жолугушуудан кийин - Иракта барымтага алынгандар тууралуу да сүйлөдү: "Ал маселе үстүндө атайын кризис тобу иштеп жатат жана алар туткундардын өмүрүн сактап калууга аракет көрөт. Биз ал тууралуу өтө тынчсыздануудабыз. Экинчи жагынан алганда, немис өкмөтү дайым айткан - жана андай турумга мына, ооган президенти дагы колдоо көрсөттү - немис өкмөтүн эч ким опузалай албайт", - деди Меркел Карзай менен жолуккандан кийин.

Кандай чаралар көрүлөөрү жөнүндө немис канцлери ачык айткан жок. Анткен менен бир мисал келтирсе болот. 2005-жылдын 25-ноябрында Иракта барымтага алынган немис археологу Сюзанна Остхоф атайын көрүлгөн аракеттердин натыйжасында 18-декабрда бошотулган. Бирок "Фокус" деп аталган немис журналы 2006-жылдын 23-январында жазып чыкканга караганда, аны кармагандарга 5 миллион доллар кун төлөнгөн жана ал акчанын бир бөлүгү Остхоф айымдын өзүнүн жанында табылган.

XS
SM
MD
LG