Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:24

ОППОЗИЦИЯ ПРЕЗИДЕНТТЕН КОАЛИЦИЯЛЫК ӨКМӨТ ТҮЗҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛУУДА


Кечээ «Реформа үчүн!» кыймылынын саясий кеңеши жабык жыйын өткөрүп, анда президент Курманбек Бакиев менен күтүлүп жаткан жолугушуу талкууланды. Жыйындын чечимине ылайык, жолугушууга Социал-демократтар партиясынын төрагасы, кыймылдын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев барып, президентке «реформачылардын» талаптарын 21-мартта тапшырмай болду. Андай талаптардын катарында биргелешкен өкмөт түзүү маселеси бар. Бейрасмий булактар президент «реформачылар» менен 21-мартта жолугушууну ниет кылып жатканы кабарланган болчу.

«Реформа үчүн» кыймылдын штабынын координатору Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, жыйында кызуу талкуу болуп, бир катар “реформачылар” президент Бакиев менен жолугушууга барышпастыгын билдиришкен. Алар “эки жылдан бери аткарбаган убадасын Бакиев бир жолку сүйлөшүү менен бүтүрбөстүгүн айтышып, ага ишенбей турушат”,-дейт Абдырахманов.

"Биз 21-мартта Бакиев менен жолугушпайбыз деп чечтик. Экинчиден, Конституциянын жаңы долбоорун өзүбүз даярдайлык дедик. Үчүнчүдөн, Бакиевге тез арада жасай турган иштеринин тизмесин эмки жыйналышыбызга чейин карап чыгып, тактап анан президентке берүүнү ылайык көрдүк."

Абдырахманов белгилегендей, эгерде «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронт түзүлбөгөндө президент оппозициячыл саясатчыларды «ийри отуруп,түз кеңешүүгө» чакырбайт эле. Анын баамында, Бакиевдин жакын арадагы жалпы элге билдирүүсүнөн кийин, «Реформа үчүн» кыймылы ошого жараша сүйлөшүүнүн форматын тактап, ага өткөн жылдагыдан да катуу талаптар коюлат. Негизги талаптар Конституциялык реформа, коалициялык өкмөт түзүү.

"Биринчи Конституциялык реформа болушу керек. Экинчиден, мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүлүп, анын мөөнөтү көргөзүлүшү зарыл.Үчүнчү - өкмөттү толук бойдон оппозициядагы адамдар башкарышы керек. Бакиев коалициялык өкмөт түзүүсү керек. Ушундай болсо сүйлөшүүдөн мүмкүн жыйынтык чыгат,-деди Абдырахманов.

Ал эми «Реформа үчүн» кыймылдын тең төргасы Алмаз Атамбаев болсо 21-мартта президент Курманбек Бакиевге «Реформа үчүн» кыймылдын талаптарын тапшырарын билдирди.

"Кыймылдын кое турган талаптарын тактап туруп, 21-мартта мен барып тапшыра турган болдум."

Алмаз Атамбаев белигилегендей президент Бакиев реформачыларга жана Атамбаевге жогорку кызматтарды сунуштаган. «Бирок кыймылда кызмат үчүн сатылгандар жок»,-дейт Атамбаев.

Президенттин адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун пикиринде, «Реформа үчүн» кыймыл талап кылган айрым маселелер жөндүү, бирок мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүү Конституцяны бузгандык болуп эсептелет.

Менимче президент компромисске дайыма даяр фигура. Келишүүлөргө дайыма барып жүрөт. Ошондой эле оппозициянын лидерлери да көшөрүп катуу талаптарды коюп туруп алышпай, алар да компромисске барышы керек.

Турсунбек Акун ошондой эле мамлекеттүүлүктүн биримдигине доо кетирбей, туруктуулукту, коопсуздукту камсыз кылабыз дешсе президент да, оппозиция да сүйлөшүүлөргө барып, бир пикирге келүүсү керек деген оюн айтты.

XS
SM
MD
LG