Парламенттин кечээги -19-марттагы отурумунда «Кристалл» ишканасынын акцияларын сатууну токтотуп калбагандыгы үчүн Данияр Үсөновду депутаттар айыптап, ага ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыгышкан. Үсөнов болсо «Кристалл» боюнча депутаттардын дооматтарын четке кагып, бул маселе толук чечилбегенин, учурда юридикалык жагы териштирилип жатканын айткан.
Бүгүн Жогорку Кеңеш «Кристаллды» сатууну токтотуп калбаганы туура болгон жок деп Үсөновго ишеним көрсөтпөө маселесин жабык добушка коюшту. Ага 60 депутат катышты. Алардын отуз беши макул, жыйырма экиси каршы добуш беришти. Биринчи-вице-премьерге ишеним көрсөтпөөгө 38 добуш керек эле, ага үч добуш жетпей калды.
Депутат Мелис Эшикановдун көз карашында Үсөновдун «Кристаллга» жана башка коррупциялык иштерге байланышы бардыгын парламентте саясий оюн кылбай эле, мамлекет башчысы өзү чечип коюшу керек эле:
-Данияр Үсөновго ишеним көрсөтпөөнүн өтпөй калганынан трагедия жасоонун кажети жок. Бирок ошол отуз беш деген сандын өзү эле азыркы бийликке, асыресе биринчи-вице-премьер-министрге болгон ишенимдин жоктугун далилдейт. Комиссия көрсөткөн фактылар, жанагынча мыйзам бузуулар, Үсөновдун жанагынча коррупцияга аралашканы кашкайып көрүнүп тургандан кийин, саясий чечимди президент кабыл алып койсо жакшы болмок. Үсөновду кызматтан кетирбесе Курманбек Бакиевдин бийлиги мындан дагы көбүрөөк алсырайт, -деди Мелис Эшимканов.
Ал эми депутат Мурат Жураевдин пикиринде,
«Кристаллга» Үсөновдун түздөн-түз тиешеси болбогондуктан көпчүлүк депутаттар ишеним көрсөтпөөнү колдогон жок:
-«Кристалл» боюнча кечээ Данияр Үсөнов он минуттай түшүдүрмө бербедиби. Ошондо бардыгы түшүнүктүү болду. Анан Үсөновдун буга түздөн-түз тиешеси жок экен, деп көпчүлүк депутаттар ишеним көрсөтпөө сунушун колдогон жок.
Дүйшөмбүдө «Кристалл» маселеси парламентте көтөрүлгөндө депутат Темир Сариев Данияр Үсөнов вице-премьерлик кызматка бекитүүгө макулдук берүүсүн өтүнүп айрым депутаттарга пара берди, деп айыптаган эле:
-Ушул жерде актанып отурат, «мен 300 миң долларды берген жокмун» деп. Берген. Алган акчаларын кайра кайтарып берген адамдар да бар. «Уктай албай чыктым. Ме, берген он миң долларыңды алгын, Данияр Токтогулович! деп" ...
Бирок, Данияр Үсөнов бир дагы депутатка акча бербегенин парламент трибунасынан айтып, бул «жок жерден жабылган жалаа», деген эле.
Депутат Иса Өмүркулов «Кристалл» маселеси боюнча түзүлгөн атайын комиссия биринчи-вице-премьердин кемчиликтерин таап, далилдерди келтирип, ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрсө дагы, аны кээ бир депутаттар колдобой койгонуна тангалганын жашырган жок:
-Мен Үсөновду кетсин деп добуш бердим. Таңгалыштуусу айрым депутаттар бул маселени терең ойлонбойт экен. Үсөновду колдогондор «Кристалл» заводун сатып атканы мыйзамдуу деп эсептешти. Эми ошол маселени, ошол ишти уланта берсин деген депутаттар экен да. Демек, бул депутаттар дагы Үсөнов менен шериктеш деп ойлойм,.