Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

ИРАКТА МУРДАГЫ ВИЦЕ – ПРЕЗИДЕНТ ДАРГА АСЫЛДЫ


Иракта өлкөнүн мурдагы вице- президенти Таха Яссин Рамадан дарга асылды. Бул окуя Иракка АКШ баштаган күчтөр кол салган күндүн төрт жылдыгына туш келди. Ушуну менен Саддам Хусеиндин өзүн кошкондо, Ирактын мурдагы режиминин жогорку даражалуу төртүнчү өкүлү сот чечиминен кийин өлүм жазасына тартылып олтурат.

Алтымыш тогуз жаштагы Таха Яссин Рамадан кезинде Саддам Хусеиндин катаал жан–жөкөрлөрүнүн бири деп эсептелчи. Мурдагы режим кулагандан кийин 2003-жылдын августунда түндүктөгү Мосул шаарында күрддөрдүн куралдуу тобу тарабынан колго түшүрүлүп, андан соң америкалык аскерлерге өткөрүлүп берилген. Ал дагы Саддам Хусеиндин өзү сыяктуу 1982-жылы Дуджаил деген кыштакта 148 шийиттин массалык түрдө өлтүрүлүшү үчүн күнөлүү деп табылды. Рамадан алгач өмүр бою түрмөгө кесилген эле, бирок кийин аппеляциялык сот өкүмдү жумшак деп эсептеп, өлүм жазасы менен алмаштырган эле.

Буга чейин Дуджаил кыштагында 1982-жылкы кыргын боюнча Саддам жана анын дагы эки шериги Барзан ал-Тикрити менен Ахмед Бендарга чыгарылган өкүмдү аткаруу учурундагы айрым калпыстыктар бир топ сын –пикирлерди жараткан эле. Маселен Саддамды дарга асуу учурунда анын дарегине кордоо, кемсинтүү ирээтинде айтылган сөздөр жазылган тасма Интернет аркылуу тарап кеткен болчу. Эми Ирактын бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, соңку дарга асуу учурунда эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Ал эми ирактыктар, өзгөчө мурдагы режимден запкы көргөн шийи мусулмандары өкүмдү колдоорун айтып жатышты. Рейтердин кабарчысы Багдаддын көчөлөрүнөн сурамжылоо өткөргөн. Өзүн Сабах ал –Кааби деп тааныштырган бул тургун мындай дейт:

- Бул сот Ирактын өкмөтү тарабынан эле уюшулган сот эмес, бул - Ирак элинин да соту. Биз мындай чечкиндүү чечимге кубанычтабыз.

Багдаддын экинчи бир Кахим Жаббар атуу тургуну:

-Таха Яссин Рамадан жана башка зыянкеч адамдардын жок болгондугу- Ирак эли үчүн өтө кубанычтуу учур. Алар бизди талкалады, аман калгандар азыркыга чейин запкы тартып жатат.

АКШ баштаган күчтөр Иракка басып киргенден бир жыл мурда, 2002-жылы ал кездеги вице-президент Рамадан Саддам Хусеин жана АКШнын президенти Жорж Буш ортодогу талаш-тартышын өздөрү тандаган курал менен дуэлге чыгып чечишсин деген сунуш жасаган болчу. Ал Баас партиясына 1956–жылы кошулуп, 1968 -жылы бул партияны бийликке алып келген төңкөрүшкө катышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG