Европа Биримдигинин ырасмий өкүлдөрү Шаркеттин кеңейүү пландарына байланыштуу ортодогу мамилелер татаалдаша баштаган таасирдүү коңшулаш мамлекеттерди жоошутуу аракетинде. Өткөн аптада Еврокомиссиянын стратегиялык иштер боюнча башкы өкүлү Биримдиктин мындан аркы кеңейүү пландарын азырынча токтото турган оң деп билдирди. Украина, Грузия өңдүү Евробиримдиктин эшигин каккылап аткан өлкөлөр ырасмий түрдө терс жооп уккандан көрө унчукпай тура тургула деген эскертүү алышты.
Дүйшөмбүдө Брюсселде Европа саясаты борбору уюштурган конференцияда Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Оли Рэн коңшулар менен мамилелерге чоң маани берилиши керек деп белгиледи.
- Биз эч убакта “эч качан” деп айта албайбыз. Антсек, бардык саясий таасир этүү жолдорунан айрылып, маанибиз жоголот. Биз үчүн азыр жана болочокто баарынан мыктысы - Европалык коңшулаштык саясатын карманганыбыз оң.
Оли Рэн андан аркы сөзүндө Евробиримдик өзүнө жаңы өлкөлөрдү кабыл алуу маселесинде тыныгуу алышы зарыл деп басым жасады. Антпесе, деп белгиледи ал, Биримдиктин кеңейүү пландарына каршы тарап дүйнө картасын кайра чийдирип, ортодо баарын ажыраткан “күмүш көшөгө” пайда болушу ажеп эмес. Ушу тапта талапкерлигин сунуш кылып жаткан өлкөлөргө кулак кагыш иретинде Евробиримдиктин өкүлү буларды айтты.
- Эсептеп чыксак, Кошмо Штаттар түзүлгөндөн тарта 70-75 жылдан кийин барып баралына келген. Евробиримдиктин ошончо тарыхын алсак, Европанын чыгыш, же түштүк-чыгыш тарабындагы өлкөлөр 2033-жылдары барып Шаркетке кошулушу мүмкүн.
Жыйынга катышып отургандар Евробиримдиктин өкүлүнүн бул айткандары Украина менен Түркияга тийиштүү деп түкшүмөлдөштү. Азырынча 25-мартта Еврошаркеттин түптөлгөнүнүн 50 жылдыгын белгилеген декларацияда болочок кеңейүү пландары тууралуу айтылаар-айтылбасы да белгисиз.