Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

АЯЛДАР ПАРЛАМЕНТТЕ КВОТА БЕРҮҮНҮ СУРАНЫШУУДА


Кыргызстандын аялдарына парламентте квота берүү сунушу менен Кыргызстандын аялдар комитети жана аялдардын “Ынтымак” саясый партиясы чыкты. Алар кеминде 15 округдан аялдарга депутаттык орун берилиши керек деп жатышат. Буга чейин “Шайлоо кодексине” өзгөртүү киргизүү боюнча БШКга социалдык технологиялар агенттиги сунуштар топтомун жолдогон.

“Ынтымак” партиясы азырынча аялдарга парламентте жеңилдик берүү жаатында кандайдыр бир сунуштарды бере элек. Партия лидери Шаткүл Кудабаеванын көз карашында, Жогорку Кеңеште эркектер менен бир катар аялдар да иш алып барса, бул парламенттин ишин бир кыйла алдыга жылдырмак:

“Биз бардык аялдарды парламентке алып баргыла дегенибиз жок, жок дегенде он беш пайыз болсо мамлекетке иштеп бере турган татыктуу көп аялдар, кыздар бар. Азыркы өлкөдөгү саясый кырдаалды, парламенттин ишин карап көрсөңөр, бул жерге аялдар керек. Бул өтө зарыл”.

Бул партиядан айырмаланып социалдык технологиялар агенттиги бир катар сунуштарын иштеп чыгууда. Учурда бул сунуштарды “Шайлоо кодекси” деген долбоордун алкагында иштеп аткан жумушчу топ карап атат. Аталган агенттиктин эксперти Мира Карыбаеванын айтымында, шайлоодо ат салышып аткан үч талапкерлерден турган ар бир топ жалаң эле эркектерден же аялдардан турбашы керек, деген сунуш киргизилүүдө:

“Үчөөнүн бирөөсү сөзсүз эркек же аял болушу керек. Бул сунуш партия тизмеси менен ат салышкандарга таандык. Ал эми мажоритардык принцип боюнча, белгилүү болгондой 45 орун берилип атат. Эки мандаттуу кылалы десек, бир орун ашык болуп калат, ошондуктан 15 округ боюнча үч мандаттуу кылалы деп сунуштап атабыз. Биринчи тизмеде жалаң эркектер, экинчисинде жалаң аялдар, үчүнчүсү аралаш тизме болот”.

Мира Карыбаеванын белгилешинче, Кыргызстанда дүйнө өлкөлөрүндөгүдөй эле парламентте аялдардын саны 30 пайыздан кем болбошу керек.

Бирок айрым эксперттер аялдар парламентке квота аркылуу эмес, шайлоонун негизинде келиши керек деген пикирде. Маселен, башкы прокуратуранын маалымат-катчысы Токтогул Какчекеев аялдарга квота берүү алардын конституциялык укуктарын бузат деп эсептейт:

“Квота киргизүү менен депутат болуу аялдардын аброюна шек келтиргендик деп эсептелинет. Анткени шайлоодон өтпөгөн адамдарга шайлоодон өткөн депутаттардын ошондой көз карашы бар”.

Токтогул Какчекеевдин пикиринде, башкаруу органдарында аялдардын санын башка мамлекеттик кызматтарга дайындоо жолу менен көбөйтсө болот.

Ал эми саясат таануучу Зайнидин Курманов бул маселе боюнча төмөндөгүдөй ойдо:

“ХИПИК Кыргызстан үчүн уят деп айттышты эле, ал эми парламентте, бийликте бир да аялдын жоктугу биз үчүн уят эмеспи? Учурда дүйнө жүзү боюнча парламентте аял жок бир эле мамлекет бар экен, бул - Кыргызстан. Эмне үчүн биздин саясатчылар, атуулдар бул маселени колдобойт. Эмне үчүн президентке бул маселени чечиңиз деген адам жок”.

БУУнун аялдар боюнча комиссиясы КМШ өлкөлөрүнүн парламентинде аялдардын катышуусу боюнча атайын баяндама жарыялаган. Анда мурдагы Совет өлкөлөрүнүн ичинен бул жаатта абал Кыргызстанда эң начар деп табылган. Азербайжанда парламенттеги аялдардын саны 11 пайыздын, Казакстанда 10 пайыздын, Арменияда 5 пайыздын тегерегинде. Ал эми мыйзам чыгаруу бутагында бир да аял жок Кыргызстан Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан да артта калды.

XS
SM
MD
LG