Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

МИЛИЦИЯ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШТӨӨДӨ


Өлкөдө 19- марттан баштап милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Буга удаасы менен келаткан майрамдар себеп болууда. Милиция коомдук тартипти сактай алабы?

Бүгүн 21-март өлкөдө Нооруз жыл тогош майрамы, ал эми 24-мартта болсо элдик ыңкылап күнү белгиленет. Бул күндөрү Бишкекте бир жарым миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алмакчы, дейт Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин коомдук тартипти сактоо башкармасынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Баатырбек Шамбетовдун айтымында бул күндөрү коопсуздукту сактоо иш- чаралары коопсуздук кызматы жана коомчулук менен бирге жүргүзүлөт.

Баатырбек Шамбетовдун айтымында 16-марттан бери 386 кылмыштын бети ачылып, 25 миң автоунаа, 28 турак үй текшерүүдөн өткөтрүлгөн.

Бишкек шаарында Нооруз жана ыңкылап күнү спорттук мелдештерди, улуттук оюндарды көрүү үчүн миндеген күйөрмандардын коопсуздугун сактоо иш- аракеттери көрүлөөрүн өлкөнүн дене тарбия, спорт, балдар жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигинин улук адиси Канат Арпачиев билдирди.

Милицияга эле ишенип койбой ар бир атуул өздөрү да сак болуп, ички иштер кызматкерлери менен тез байланышуучу ишеним телефондору мерчемдүү жерлерге орнотулса деген тилегин билдирди Бишкектик Кушубак Өмүралиев.

Белгилеп койчу жагы майрам алдында Президенттин буйругу менен коопсуздук кеңешинин мурдакы катчысы Осмонали Гуронов ички иштер министринин биринчи орун басары, Расулберди Райымбердиев орун басар болуп дайындалышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG