Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР НООРУЗ МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ


20-мартта Орусиянын баш кааласында кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешти. Бул иш-чараны кыргыз элчилиги үч коомдук уюмдун жардамы менен өткөргөн.

Бул Нооруз майрамы өзгөчө өттү, себеби бул жолу аны даярдоодо кыргыз элчилигинен сырткары Москвадагы кыргызстандык үч коомдук уюм да катышкан. Алар: «Кыргыз биримдиги», «Ала-Тоо», «Элдик чындык» деген уюмдар.

Алгач майрамга келген конокторго сүмөлөк жана боорсок таркатылды. Кечеге 600 тегерегинде кыргызстандыктар келди.

Кечеде кыргыз президентинин ардак грамоталары тапшыруу менен башталды. Президенттин алкыш айтылган каттары 10 чакты адамга ыйгарылды. Алардын арасында миграция жамаатында иштеген адамдар, Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана маданият кызматкерлери бар. Майрамдын негизги бөлүгү концерттик программага берилди.

Орусиядагы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктоо үчүн Кыргызстандан маданият кызматкерлери - ырчы Саламат Садыкова жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаев келишкен экен.

-Өзүбүздүн каныбыздагы ырларды улутубуздун жакшы акындык өнөрүн эл сагынып калды го деп бул майрамга келип олтурабыз. Элдин кабыл алышынан, маанайынан бул көрүнүп турат, – деди төкмө акын Замирбек Үсөнбаев.

Майрамга келген эмгек мигранттардын бири Кубашев Азамат Жалалабаттын Сузак районунан болот, «Мытищи» базарында курулуш материалдарын сатат экен.

-Кыргызстанды Жаңы жыл майрамы менен куттуктаймын. Кыргызстанды сагындык – жакында барып калабыз го…, - деди Азамат Кубашев.

«Ала-Тоо» уюмунун төрайымы Жамиля Бегишева – кечени уюштургандардын бири.

-Жаңы жыл жалпы кыргыз элине берекелүү токчулуктун жылы болсун. Жалаң гана жакшы гана нерселердин салтанатында жолугуп жүрөйлү, - деди Жамиля Бегишева.

Чолпон Аркабаева, Москва
XS
SM
MD
LG