Жанат Бейшеновдун ырасташынча, Кыргызстанда деле жаңы бийлик тушунда базар-нарк шартына шайкеш иш-аракеттер жасалышы керек эле. Бирок алар жасалбай жатыры. Ошол себептүү кызматтан кетишинин себеп-жөнүн ал момундайча чечмеледи.
- Телекоммуникация тармагын башкаруу жаатында түзүлгөн жагдайга, дегеле телекоммуникация системасын жөндөө, радиожыштыктарды бөлүштүрүүнү жөнгө салуу жагына көңүл буруу үчүн ушул ишке барып жатам. Азыркы кезде түзүлгөн жагдай менен мен эч качан келише албайм, ага мынабул арызым да мисал. Радиожыштыктар тармагы өзгөчө маанилүү мамлекеттик иш, ага ошого жараша мамиле жасашы абзел.
Министрликтин коммуникация тармагын тейлеген жетекчинин айтуусунда, телекоммуникация ресурстарын бөлүштүрүү ишинде ушу азырга дейре түшүнүксүз аракеттер жасалып келатат. Министрликке чоң милдеттер жүктөлгөн менен аны ишке ашыруу усулдары башка жакта калууда.
- Бул тууралуу мен президент акимчилигине бир нече ирет кайрылдым. Бирок алардан колдоо таба алганым жок,- деп билдирди Ж.Бейшенов.
Журналисттер алдында кызматын таштап кетип жаткан министр орунбасары азыркы бийлик каршылаштарынын позициясын бөлүшө тургандыгын, бирок аларга кошулуу-кошулбоо маселесин чече электигин айтты.
- Мен бириккен майдан менен реформалар үчүн кыймылынын биртоп позициясын колдойм.
Айтса, мындан бираз илгери Кыргызстандын маданият жана маалымат министринин орунбасары А.Сарыбаев кызматын таштап кетип жатканын жарыя кылып, оппозицияны колдоорун ачыкка чыгарган.
- Бириккен фронтко түз карашым болуп атканынын себеби алар бийликти бирөөгө алып берели деген оюнун жоктугу реформа жүргүзүү зарылдыгы.
Транспорт жана коммуникация министринин орунбасарынын кызматтан кетүү тууралуу билдирүүсүн маалымдоо каражаттары аркылуу билгенин өкмөт аппаратынын Экономикалык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Мурат Исмаилов ырастап, ал жөнүндө комментарий бере албастыгын айтты. Анткен менен, Ж.Бейшенов козгогон маселе – лицензия акысынын өтөле аздыгын, мамлекет кыйла акчалардан куржалак калып жатканын М.Исмаилов да ырастады.
- Бизде болгон лицензиялардын баары ошондой, 300 сомдон турат. Бул үч минималдык айлык акынын өлчөмү. Ушундай мыйзам кабыл алынып калган.
М.Исмаилов лицензия акысын көтөрүү жөнүндө сөз боло баштагaнын, бул маселе эми чечилерин айтты. Жанат Бейшенов болсо Кыргызстан эми чече турган маселе Ооганстанда алдакачан чечилип, ал жерде жакында мобилдик байланыш операторуна берилген лицензия акы 45 миллион долларга чыкканын маалымдады. Бул жагынан Кыргызстандын телекоммуникация жаатында түшүнүксүз саясат жүргүзүлүп жатат, деп билдирди. Антип бийликтин азыркы иш-аракетине ичи чыкпаганын айтып, аз илгерээк Кыргызстандын башкы прокурорунун орунбасары Г.Пугачева кызматынан баш тарткан.