Мурда кабарлангандай, «Реформа» кыймылынын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев бүгүн президент Курманбек Бакиевге жолугуп, оппозициянын талаптарын тапшырып чыкты. Ал саясий кырдаалды курчутпоо үчүн «реформачылдар» коюп жаткан талаптарды тезирек аткаруу керектигин президентке билдирген. «Реформа» кыймылы негизинен коалициялык өкмөт түзүү, конституциялык реформа жүргүзүү, МТРКны коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу жөнүндө талаптарды коюуда. Алмаз Атамбаевдин өзүнүн «Азаттыкка» айткан маалыматына караганда, президент оппозиция койгон талаптарды түшүнүү менен кабыл алды. «Чындыгында талаптардын көбүн туура көрүп жатат. Ал киши акыбалды түшүнүп атат, реформа керектигин түшүнүп атат. Күтүп туралы, мен ойлоп турам, баарысы жакшы болот»,- деди Алмаз Атамбаев. Президенттин маалымат кызматынын кабары боюнча, жолугушууда Курманбек Бакиев «Реформа үчүн» кыймылы жана башка саясий партиялар менен жакын арада кеңеш жүрүгүзөөрүн ачыктаган. Жолугушууда Конституциялык реформа, коалициялык өкмөт түзүү боюнча тараптардын орток пикирге келиши зарылдыгы жана аларды ишке ашыруу мүмкүн экендиги белгиленген. Президент 23-мартта элге кайрылуу менен чыгып, оппозиция коюп жаткан талаптар боюнча коомчулукка өзүнүн позициясын билдирген жатат.(KCh)