Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:27

22-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Генерал-майор М. Д. Скобелев жетектеген жазалоочу отряд 1876-жылдын 22-март күнү Ош шаарына кирген. Кыргызстандагы чоң чырдын башын баштаган 2005-жылкы парламенттик шайлоодон тандалган 59 депутат 2005-жылдын 22-март күнү Жогорку Кеңештин биринчи жыйынына чогулушту.

Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздар менен кыпчактардын колу 1876-жылдын январь айында хандыкка каршы айыгышкан каршылык көрсөтүшкөн. Хандык менен келишкен орус бийлиги козголоңчуларга каршы жазалоочу отряд жабдып, аны генерал-майор М. Д. Скобелев жетектеген. Генерал баштаган жазалоочу отряд 1876-жылдын 22-март күнү Ош шаарына кирген. М.Д.Скобелевдин пикирине ылайык орус отряды шаарды өз маалында ээлегендиктен, кыргыздар күч топтоп каршылык көрсөтүүгө үлгүргөн эмес. Мындан улам Абдылдабек баштаган чакан топ Алай аркылуу Кашгарга, Алихан төрө жигиттери менен Учкоргондон Кичиалайга качкан.

Түркстан Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын бу күнү Чөлкөмдүк элчарба кеңешин уюштуруу туурасында Декрет кабыл алды.

Кыргыз ССР ВКП (б)нын кезектеги VIII пленуму 1937-жылдын 22-март күнү ишин баштады. Пленумда уюштуруу маселеси каралып, Борбордук Комитеттин сунушу менен биринчи секретарлыкка М.К.Аммосов дайындалды. М.К.Аммосов ВКП (б) Борбордук Комитетинин көрсөтмөсүнө ылайык Кыргызстанга келген. Буга чейин ал Караганда обкомунун биринчи секретарлык кызматында, 1936-жылдан тарта Түндүк-Казакстан областын жетектеп келген. Мурдагы биринчи секретарь М. Л. Белоцкий, Аммосов республикага келгенге чейин эле эл душманы деген күнөө менен кызматынан четтетилип, кийин ал Москвага чакырылып, ал жерден камакка алынган.

Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттердин саны келерки жылы эки эсеге өсөт деп билдирди 2003-жылдын бу күнү федералдык билим берүү министри Владимир Филиппов. Федералдык министрди бу күнү президент Аскар Акаев кабыл алып, билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташууну арттыруу, Москва лингвистикалык университетинде кыргыз тилин окутуу борборун ачуу сыяктуу маселелер тегерегинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Кыргызстандагы чоң чырдын башын баштаган 2005-жылкы парламенттик шайлоодон тандалган 59 депутат 2005-жылдын 22-март күнү Жогорку Кеңештин биринчи жыйынына чогулушту. Жогорку Кеңеш депутаттары жеке күбөлүк алышып, депутаттык ант беришти. Парламент жыйынында саясий абалга байланыштуу Кыргызстан калкына кайрылуу, өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү, жаралган жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия уюштуруу туурасында токтом кабыл алынды.

Парламент жыйынына президент Аскар Акаев катышып, өлкөдөгө кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүүгө барбай тургандыгын жана өзгөчө кырдаал киргизилиет деген сөздүн өзү жалган ушак деп белгиледи.

Бу күнү 1936-жылы таланттуу драматург Мырза Гапаров жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG