Өлкөдөгү саясий кырдаалдын өнүгүүсүнө караганда аткаруу бийлигиндеги негизги кадрдык өзгөрүүлөр али алдыда болуп, ал президенттик администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаевдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат алмашуусу менен аяктаары күтүлүүдө. Бирок мына ушул жараяндын башында башкы прокурордун милдетин аткаруучулукка 41 жаштагы Элмурза Сатыбалдиевдин дайындалышы бир топ карама-каршылыктарды пайда кылды.
Алгач 20-мартта Сатыбалдиевдин баш прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалганы тууралуу президенттик жардык чыкты. Ошол эле күнү кечке жуук Сатыбалдиевдин бул кызматка дайындалышы үчүн юридикалык тармакта иштеген 15 жылдык тажрыйбасы жетишпегендиги маалымдалып, президенттин жардыгы чакырылып алынгандыгы кабарланды.
Бирок 21-мартта Сатыбалдиевди башкы прокурордун милдетин аткаруучу кызматына дайындоо боюнча президенттин жардыгы күчүндө калгандыгы билдирилди.
Анын себебин президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев мындайча түшүндүрдү:
-Эми бул мындай, 15 жыл тажрыйба деген башкы прокурорлукка талап кылынат. Ал эми Сатыбалдиев башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ошондуктан милдетин аткаруучуга 15 жыл тажрыйба керек деген талап жок. А башкы прокурорго бар.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиев бул карама-каршылык тууралуу мындай пикирин айтты:
-Эми аны койгондо милдетин аткаруучу катары коюп жатпайбы. Баары бир Жогорку Кеңеш макулдук бермейинче бекитилбейт эле да. Ошондуктан бул жерде эч кандай трагедия жок. Каталар боло берет. Эң негизгиси өз убагында оңдоп койгону туура болду. Албетте, аппарат кемчиликтерди кетирген.
Ал эми оппозициялык «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү депутат Азимбек Бекназаров Сатыбалдиевдин эки күндүн ичинде дайындалып, бошотулуп, кайра ордунда калтырылышына карата мындай пикирин айтты:
-Эми президент аны бекиттирүүдөн баш тартпадыбы. Чындыгында муну президент эмес, анын инилери жасаган маселе болду да. Элмурза Сатыбалдиев али жаш. Башкы прокуратура бардык күч структураларынын үстүнөн көзөмөл жүргүзөт. Бул жагынан Сатыбалдиев такшала элек. Ошондуктан президент туура кылды. Бардык тартип коргоо органдарына көзөмөл жүргүзө турган органга дасыккан, саясатта да өз көз карашы калыптанган, бирөөлөрдүн алдында чуркап жүргөн бала барбай, олуттуу адам барыш керек.