Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

КОСОВОНУН КЕЛЕЧЕГИНЕ КАВКАЗДАГЫЛАР КАБАТЫР


Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Азиз Азимов Брюсселге иш сапары менен барды. Байкоочулар Улуттар уюмунда Косовонун тагдыры талкууланып жаткан чакта Азербайжан Тоолуу Карабак чатагында Баку тарапка колдоо издеп жатканын айтышат. Албандар басымдуулук кылган Косово чөлкөмүнө көз карандысыздык берилсе, калкынын көбү армяндар болгон Тоолуу Карабак да Азербайжандан бөлүнүп чыгышы ажеп эмес деген чочулоо Бакунун тынчын алууда.

Косово маселеси кандай чечилет деп Кавказда кызуу талкуу жүрүп жаткан кез. Брюсселде Европарламенттин Түштүк Кавказ боюнча делегациясы менен жолугушкан Бакулук элчи Азиз Азимов Косово менен Тоолуу Карабакты салыштырууга болбойт деп белгиледи.

- Косово жана Азербайжан-Армян чатагы эки башка. Тоолуу Карабак чатагында Армения Азербайжандын аймагын ачык талап кылып отурат. 1992-жылы кадимки кандуу уруш болду, андай куралдуу тирешүү мурда да болуп келген.

Европарламент мүчөлөрү алдында 45 мүнөттөй сүйлөгөн Азимов аймактык чатактар эки тараптын кызыкчылыгында чечилиши керек деп белгиледи. Балкандагы чырдуу аймакка айланган Косово чөлкөмүнө Улуттар уюмунун атайын өкүлү эл аралык көзөмөл алдындагы көз карандысыздык берүүнү сунуш кылган. Маселе чечиле элек, ошентсе да аны утурлай Евробиримдик Косовонун тагдыры постсоветтик аймактагы чатактуу чөлкөмдөргө көчүрүлбөйт деп алдын-ала билдирди. Брюсселде таратылган билдирүүдө Косово - өзгөчө чөлкөм экени, аймак көптөн бери Улуттар уюмунун башкаруусунда экени айтылат.

Евробиримдиктин көпчүлүк өкүлдөрү Косовонун көз карандысыздыгы негизинен чечилген маселе экенин айтышат, бирок Брюсселдеги жолугушууда Европарламенттин мүчөсү Ханнес Свобода Косово менен Тоолуу Карабакты салыштырып болбойт деген Бакунун көз карашына колдоо билдирди.

- Кантсе да, Косово эми эч убакта Сербиянын бир бөлүгү боло албайт. Тоолуу Карабак менен айрым бир салыштыруулар болушу мүмкүн. Маселе – силердин укугуңар кайсылар? Мыйзамдуу көз караштан алганда, Тоолуу Карабак – басып алынган аймак. Бирок ушу тапта Азербайжан, Армения, Тоолуу Карабактын калкынын келечеги үчүн кайсыл жол туура? – деген суроо баарынан көйгөйлүү.

Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Азиз Азимов президент Илхам Алиевдин пикирин кайталап, Баку Тоолуу Карабак маселесинде эч убакта артка чегинбейт деп белгиледи. Бакулук дипломат: “Армения качкынга айланган азербайжан калкына Тоолуу Карабакка кайтып барып жашоосуна жол ачышы керек, техникалык жактан алганда Армения кандуу согушту уткандыр, бирок ал согуш али аяктай элек. Баку куралын силкип коркуткан жери жок, баарын сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү мүмкүн”, - деп кошумчалай кетти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG