Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

ПРЕЗИДЕНТ «РЕФОРМА ҮЧҮН» КЫЙМЫЛЫНЫН ТАЛАПТАРЫН КАРАП КӨРҮҮГӨ ДАЯР


«Реформа үчүн» кыймылы бүгүн же жакынкы убакта чогулуп, Алмаз Атамбаев менен президент К.Бакиевдин жолугушуусунун жыйынтыгын талкууга алганы жатат. Кыймылдын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев кечээ президентке кирип, кыймылдын талаптарын тапшырып чыккан. «Реформа үчүн» кыймылы негизинен коалициялык өкмөт түзүү, конституциялык реформа жүргүзүү, МТРКны коомдук телекөрсөтүүгө айлантууну талап кылууда. Алмаз Атамбаевдин «Азаттыкка» айткан маалыматына караганда, президент оппозиция койгон талаптарды түшүнүү менен кабыл алды.

«Чындыгында талаптардын көбүн туура көрүп жатат. Ал киши акыбалды түшүнүп атат, реформа керектигин түшүнүп атат. Күтүп туралы, мен ойлоп турам, баарысы жакшы болот» деп,- деди Алмаз Атамбаев.

Президенттин маалымат кызматынын кабары боюнча, жолугушууда Курманбек Бакиев «Реформа үчүн» кыймылы жана башка саясий партиялар менен жакын арада кеңеш жүргүзөөрүн айткан. Жолугушууда Конституциялык реформа, коалициялык өкмөт түзүү боюнча тараптардын орток пикирге келиши керектиги жана аларды ишке ашыруу мүмкүн экендиги белгиленген. Президент 23-мартта элге кайрылуу менен чыгып, оппозиция коюп жаткан талаптар боюнча коомчулукка өзүнүн позициясын билдиргени жатат.

“Реформа үчүн” кыймылы өткөн жылы ноябрда бийликке Конституциялык реформа, МТРКаны коомдук телекомпанияга айлантуу сыяктуу, жалпысынан он бир талапты коюшкан. Алардын көпчүлүгү аткарылган жок, дейт кыймылдын мүчөсү Эдил Байсалов. Анын айтымында, президентке кыймыл азырынча алты талапты койду:

-Талаптардын эң негизгиси - конситуциялык реформа. Акаевден калган системаны өзгөртүү. МТРКны коомдук телевидение кылып түзүү, коррупцияга бөгөт коюп, үйбүлөлүк бизнести токтотуу, коалициялык өкмөт түзүү.

Эдил Байсаловун айтымында, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиевди кызматтан кетирүү, Башкы прокурорду “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү менен макулдашып дайындоо тууралуу маселелер экинчи орундагы талаптар. “Негизгиси азыркы системаны түп тамырынан өзгөртүү керек”,-дейт Байсалов.

Бакиев менен Атамбаевдин жолугушуусу тууралуу “Эркиндик“ партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин пикири төмөндөгүдөй:

-Албетте мындай жолугушуулар, диалогдор сөзсүз керек. Бирок мындай диалогдордо конструктивдүү, мамлекеттин кызыкчылыгына арналган сөз болсо бир жөн. Бирок бир топтун кызыкчылыгын алдыга коюп, анан баланчанчы күнгө чейин жаңы Конституцияга макул болосуң деп, жаңы Конституциянын текстин президентке таңууласа бул таптакыр башка нерсе. Баарлашып, жолугушуп туруш керек. Бирок дагы эч бир тараптан кысым көрсөтүү же “ультиматум” коюу бул өзү болбогон нерсе,-деди Топчубек Тургуналиев.

Кыймылдын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев президент Бакиев менен Атамбаевдин жолугушуусунун жыйынтыгы штабда жакынкы учурда талкуулана турганын, ошондон кийин оппозициянын мындан аркы саясаты тактала турганын "Азаттыкка" билдирди.

XS
SM
MD
LG