Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

“СЫЙКЫРДУУ ЖОЛУГУШУУ”


Бишкекте немец, жапон, казак жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн биргелешкен “Бактагы сыйкырдуу жолугушуу” деген эл аралык көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөдө түрдүү жанрдагы жана ар кандай темадагы сүрөттөр, айкелдер, зергердик буюмдар коюлду. Ал эми ал эмгектердин басымдуу бөлүгү казак эл сүрөтчүсү Эркин Мергеновго жана кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевге таандык. Эркин Мергенов “Казакстан 2030” деген сүрөттөрдүн топтомун алып келген. Анда аталган өлкөнүн эгемендүүлүк алгандан кийинки кыйынчылылыктары, жетишкен ийгиликтери философиялык көз карашта чагылдырылган. Эркин мырза айкелчилик кесипти да аркалайт, андыктан бул көргөзмөгө сүрөттөрүнөн тышкары айкелдерин да ала келген. Кыргызстанда буга чейин да бир катар жеке көргөзмөлөрүмдү уюштурганмын, бирок союз тарап, өз-өзүнчө мамлекет болгондон кийин мындай жолугушуулар болбой деле калган, андыктан бул көргөзмөнү колдойм деди казак эл сүрөтчүсү Эркин Мергенов.

-Биз уюштуруучулардын чакыруусун кубануу менен кабыл алып, Казакстандык төрт сүрөтчү эмгектерибизди алып келдик. Менин оюмча сүрөтчүлөр да, коомчулук дагы бул көргөзмөнү зор кызыгуу жана канаатануу менен кабыл алышат. Себеби акыркы он беш жылда мындай эл аралык көргөзмөлөр анда-санда эле уюштурулбаса өтпөй деле калган. Андыктан келечекте ушуга окшогон иш-чаралар байма-бай болуп туруусун каалар элем. Бул бир жагынан көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болсо, экинчиден сүрөтчүлөрдүн тажрыйба алмашып, чыгармачылыгынын чыйралуусуна таасирин тийгизет.

Көргөзмөдө ошондой эле Австриядан, Германиядан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен бирге Жапониялык сүрөтчүлөрдүн каллиграфия жанрындагы с сүрөттөрү жана зергерлердин буюмдары коюлду. Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев ар тараптуу мындай көргөзмө жаңыдан чыгып келе жаткан жаш сүрөтчүлөр үчүн пайдалуу деди.

Бул көргөзмөнү Хусейин Муктаров атындагы музыкалык театры уюштурууда. Данияр Муктаров Нооруз майрамына арналып ачылган бул көргөзмөнү ачууга бир жылдан бери даярдыктар жүргөнүн айтып, долбоордун негизги максаты тажрыйба алмашуу экендигин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында бир гана сүрөт көргөзмөсү эмес поэзия кечелери да өтүүдө. Ошондой эле келген көрүүчүлөр эл аралык деңгээлдеги модельерлердин кийимдер топтомун көрө алышат. Иш-чара 25-мартта жыйынтыкталат. Ал эми май айында Алматыда уланат.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG