Теректик орус казактарынын автономиялуу түзүлүшү советтик кезде болгону бир жыл (1921-1922 – ММ) ырасмий өмүр сүрүптүр. Андай аймак кийин ошол тегеректеги Дагстан, Чеченстан, Ингушетия, Түндүк Осетия, Кабарда-Балкар жумурияттарына жана Ставрополдук крайга бөлүнүп берген экен.
Орус казактары эми ошол жерлерди кайта бириктирип бир автономиялуу түзүлүшкө айлантуу демилгесин көтөрүп атыптыр. Андай өтүнүч кат менен Мамдумага кайрылышканы дайын болду. Түндүк Кавказда жашаган славян элдеринин коопсуздугун коргоо барган сайын начарлап баратышынан улам болуп аткан аракет экенин алар айтышкан.
Теректик обулусту калыбына келтирүү демилгесин көтөрүп аткан топтун жетекчиси Владимир Пархоменко айтканга караганда «андай жерлер болуп Дагстан жумуриятынын Кизляр жана Хасавюрт райондору, Чеченстан жумуриятынын Новрузский, Щелковской, Сужинский райондору жана Грозный калаасы, Түндүк Осетияга караштуу Моздок району, Кабарда-Балкар жумуриятынын Прохладинский району эсептелет».
«Жаңы өзүнчө админстративдик түзүлүш уюштуруу кеби жүрүп жатат», - дейт ал.
1991-жылдан тартып жүрүп аткан согуштан соң Түндүк Кавказда орустар ган эмес орусча сүйлөгөн элдер саны кескин азайганын ал эми Чеченстанда бир да орус калбаганын айтышат. Аларды орусиялык улутчулдар чечендер кырып салды дешсе чечендер арасында аларды федералдык аскерлер Грозныйды бомбалаганда жана андан соң улам кайра «тазалоо» жүргүзгөндө кырышты дешет.
«Ал жакта (Түндүк Кавказда – М) орус казактары жыш жайгашкан жерлер небактан бери жок. Көптөгөн андай жерлерде орус казактар жалпы элдин санынын жарымын ал эми кайсы бир жерлерде андан да аз бөлүгүн түзүшөт» - дейт Чеченстандын саясат борборунун анализчиси Тимур Мурзаев/
Федералдык бийлик теректик казактар демилгесин колдогусу келбеген бир жагдайды анализчилер белгилешет. Андай мүдөөнү өнтөлөгөндөр түпкү максаты - орус казактар өлкөсүн уюштуруу болуп атат дешет. Бирок андай демилге Кремлге жакпай атканын «Азатыктын» анализчиси Олег Кусов айтат:
«Орусиянын Юстиция министрлигин кызматкерлери демилге көтөргөн тараптын жетекчилигине ырасмий деңгээлде орус казактары улут деп эсептөө жок, демек, андай улутук түзүлүштүн болушу мүмкүн эмес деп жооп берген»,Б.шЮ - дейт.
Бирок Теректик орус казактарынын лидерлери андай түзүлүш орнотуу күрөшүн эми Орусиянын жогорку сотунан талашмак болуп атат деп айтат биздин кабарчы.