Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

ПАРЛАМЕНТ ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ РАТИФИКАЦИЯЛАДЫ


Жогорку Кеңеш бейшемби күндөгү жыйынын эл аралык келишимдерди ратификациялоого арнады. Кыргызстандын тышкы саясаты, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууларына байланыштуу маселелер козголду. Парламентте бул күнү ошондой эле ички саясатка байланыштуу да билдирүүлөр жасалды.

Парламенттин бүгүнкү жыйыны депутат Темир Сариевдин биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөновду коррупцияга байланыштуу айыптоосу менен башталды. Анны маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын башкы архитектуралык планын бузуу менен Үсөновго таандык «Праймстрой» компаниясына 40 жер участогун берилген. Төрага Марат Султановдун сунушу менен бул маселени териштирүү өкмөткө тапшырылды.

Депутат Мелис Эшимканов болсо премьер-министр Азим Исабековду сынга алды:

-Биздин өкмөт башчыбыз Данияр Үсөнов менен Адахан Кимсанбаевичтин туулган күнүн катуу белгилеп, башы ооруп, Акүйгө жолугушууга келген Кытай элчисин, андан кийин ЭВФ өкүлүн кабыл алганга жарабай калыптыр.

Бирок өкмөттүн маалымат кызматы бул маалыматты дароо четке кагып, премьер-министр бардык жолугушууларды өткөргөнүн маалымдады.

Эшимканов ошондой «Реформа үчүн» кыймылдан чыкканын да жарыялады. Андан кийин депутаттар 15ке жакын эл аралык келишимдерди ратификациялоого өтүштү. Алардын арасында коопсуздук, билим, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого багытталган келишимдер болду. Тышкы иштер министри Эднан Карабаев Борбор Азия аймагын өзөктүк куралдан эркин аймак деп жарыялаган Борбор Азия мамлекеттери түзгөн келишимди ратификациялоону сунуштап, ал келишим ратификацияланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов өткөн жылы Шанхай шаарында кол коюлган Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн аймагында биргелешкен антитеррордук операцияларды өткөрүү боюнча келишимди ратификациялоону сунуштады. Келишимди талкуулоонун жүрүшүндө Кыргызстанда террордук актылар болуш ыктымалдыгы тууралуу суроого Мурат Суталинов минтип жооп берди:

-Менин оюмча, бул багытта кандайдыр бир маселелер май айынан тарта чыгышы ыктымал. Мүмкүн былтыркыдай куралчандар кирип келет. Алардын Фергана өрөөнүндө бар экени анык. Бирок алардын аракеттери Кыргызстан жана Шанхай кызматташуу уюмуна байланыштуу эмес.

Добуш берүүдө бул келишим ратификацияланды. Андан кийин Казакстан менен билим берүү жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багытындагы келишимдер ратификацияланды. Билим берүү багытындагы келишимге ылайык Казакстанда 100 чукул кыргыз жаштары билим алууга мүмкүнчүлүк алат. Жаштарды окууга кабыл алуу Бишкек жана Ош шаарларындагы жогорку окуу жайлардын биринде жүргүзүлмөкчү. Казакстан менен Кыргызстан ортосунда миграция маселесине байланыштуу жаңы келишимдер даярдалып жатканы жана аларга апрель айындагы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга сапары учурунда кол коюлушу ыктымалдыгы да жыйында кабарланды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG