Италиялык "Репубблика" гезитинин кабарчысы Даниэле Мастрожакомо, анын айдоочусу жана котормочусу Ооганстанда 5-март күнү кармалып кеткен, айдоочуну талибдер өлтүрүп салган, котормочу эмгиче туткунда, журналист болсо 19-декабрда эркиндикке чыкты. Айрым маалыматтарга караганда, аны бошотуу үчүн мурда туткунга алынган талибдердин беш жоокери боштондукка чыгарылды жана аны оогон өкмөтү дагы тастыктады.
Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн курамында эки миңге жакын италиялык аскер дагы аракеттенет жана өлкө жетекчилигинин айтымында, эгер туткунга түшкөн журналист аман куткарылбай калса, Италия парламентиндеги фракциялар жана жалпы эле саясий оппозиция бардык аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетүүнү талап кылмак. Ошондуктан Мастрожакомонун куткарылганы - Батыш коалициясынын кызыкчылыгында болду, дейт өкмөт.
Бирок Италия жетекчилигинин бул аракетин НАТО уюмуна кирген жана Ооганстанга аскер жиберген АКШ, Алмания, Британия жана Голландия сындап чыкты, анткени аны менен Рим - террорчулардын шарттарын аткарып, аларды кийинки ушул сыяктуу аракеттерге шыктандырды. Вашингтондун туруму болсо өтө катуу жана анын жалпы саясаты - террорчулар кандай шарт коюп, эмне талап кылса дагы, аларды аткарбаш керек.
22-март күнү Италиянын тышкы иштер министри Массимо Д'Алема телефон аркылуу АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен сүйлөштү жана америкалык тарап - мындан ары мындай аракеттер болбош керек деген талап айтты.
Коопсуздук маселелери боюнча италиялык эксперт Жакомо Гаспарининин айтымында, Италия өкмөтү дайым ушундай аракеттенет жана Нигерия же Иракта туткунга түшкөн өз жарандарын бардык мүмкүн болгон чараларды колдонуп бошотуп алууга умтулат:
"Барымтага алынган жарандарын куткаруу үчүн террорчулардын айтканын кылган биз, мүмкүн, жалгыз мамлекет эмеспиз. Бирок биз аны өтө эле ачык кылып жатабыз, бул акыркы учур болсо өтө эле орой жана элдин көзүнчө болду. Бул өтө чоң маселе. Биз кандайдыр бир тымызын соодалашуу жүргүзүп, журналисттин бошотулушу үчүн талибдерди эркиндикке чыгаргандан башка жолдорду издеген да жокпуз", - дейт Гаспарини. Анын айтымында, "Репубблика" гезити менен Мастрожакомонун өзүнүн коммунисттер менен байланышы бар экенин жана коммунисттердин колдоосунан айрылса, өкмөт бир топ кыйынчылыкка дуушар болмогун дагы унутпаш керек.
Италиялык журналисттин боштондукка чыкканы жергиликтүү оогандарга дагы жаккан жок. Алардын айтымында, туткунга түшкөн чет өлкөлүктөрдү бошотуу үчүн ооган өкмөтү бардык мүмкүн болгон аракеттерди көрөт, өз жарандары үчүн болсо анчалык тынчсызданбайт.
Мастрожакомо менен кошо барымтага алынган анын ооган айдоочусу Саид Ага деген жигитти талибдер 16-март күнү мууздап салышкан, анын ооган котормочусу Ажмал Нашкбанди болсо эмгиче туткунда.