- Кечээ Кушбак Тезекбаев билдирүү кылды, Жаныш Салиевич күч кызматкерлерге Тезекбаевди камасын деп айтты деди. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар билбейм, ушул боюнчабы, азыр кармалып калды, - деди Турдубай Калмаматов.
Ал эми жазуучу Абдирашит Урбаев март окуяларынын эки жылдыгынын алдында бийлик ыңкылапчылардан коркуп, алардын чогулушуна тыйуу салып жаткандыгын белгилеп, эки жыл мурун жасалган ыңкылап өз балдарынын коопсуздугуна жана эркиндигине коркунуч алып келип жаткандыгын билдирди:
- “Мараттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин лидери Тимур Камчыбековго эки жолу кол салуу аракети болду, коркутуулар болуп атат. Азыр Кушбак Тезекбаевди камоо жөнүндө көрсөтмө берилди деп айтып атышат. Ушунун бардыгы эмнени билдирип турат, биз ыңкылапчылар азыркы бийликке керек болбой калсак керек, - дейт Абдирашит Урбаев.
Маалымат жыйыны аяктап калганда имараттын айланасында бир канча милиция кызматкерлери пайда болушту. Чыгып бара жаткан Тимур Камчыбековду кармаганга аракет жасашкан милиция кызматкерлерин журналисттер жана «Mарттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү курчап кармоонун себептерин сурашты.
«Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков коррупциялык бийликти ачык сынга алгандыгы үчүн ага карата укук коргоо органдарынын айрым бир жетекчилери тиш кайрап жүрүшкөндүгүн айтып, аны жасалма иш менен камоо, же өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн экендигин билдирди:
- Мен таза жигитмин. Бизге азыр орган тарабынанбы, башка тарабынанбы, бир нерселерди салып коюшу мүмкүн, эптеп камаштын жолу болуп атат. Мына азыр өзүңөр күбө болдуңар, мен эч кандай кылмышкер эмесмин, - деди Тимур Камчыбеков.
Милиция кызматкерлери Камчыбековдун курал алып жүрүүгө уруксатын текшергенден соң таркап кетишти. Болуп өткөн инцидентке Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замирбек Сыдыков мындайча баа берди:
- Чымындан пил кылыштын кереги жок. Жыйынга келгендердин арасында бирөөсүнүн колунда тапанча бар экенин көрүп калгандыктан, анын тапанчасына документи барбы, жокпу ошонун сураштырып койгон үчүн эле, биздин аркабыздан түшүп атат деп айтыштын кереги жок, - деди Замирбек Сыдыков.