Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУНА ОППОЗИЦИЯНЫН ИЧИ ЧЫКПАДЫ


Президент Курманбек Бакиевдин март ынкылабынын эки жылдыгыгын алдында өлкө калкына жасаган кечээки кайрылуусу боюнча коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Оппозициялык саясатчылардын көпчүлүгү кайрылууда эч кандай жаңы нерсе айтылбай, тек гана жалпы сөз болгонун, муну менен президент өзүнө утулуш алып келгенин белгилешүүдө. Ошол эле учурда кээ бир саясатчылардын пикиринде, президенттин оппозиция менен сүйлөшүүгө барам дегени эң туура жол жана өлкө башчысы эми реформаларды жүргүзүү боюнча чечкиндүү кадамдарды тез арада башташы керек.

Оппозициялык саясатчылардын көпчүлүгү президенттин кайрылуусуна канааттанбаганын белгилешүүдө. Алардын пикиринде, президент жалпы сөз менен чектелбей оппозиция коюп жаткан талаптарга так жооп бериши керек эле. Маселен, констуциялык реформа жүргүзүү, элдик ишенимдеги коалициялык өкмөт түзүү сыяктуу маселелер боюнча так мөөнөттөрдү, жол жоболорду айтса туура болмок. Ушундай пикирдеги саясатчылардын бири, депутат Мелис Эшимканов бул кайрылуу президентке утулуш алып келди деп эсептейт:

- Кайрылуу мындан артык болоорун күткөн эмесмин. Оппозициянын арасында кайрылуу башкача болот, конституциялык реформанын, коалициялык өкмөт түзүүнүн мөөнөттөрү, маңызы, аракеттери боюнча конкреттүү сөз болчудай деген сөздөр айтылган эле. Бирок андай болгон жок. «Биригели, антели, минтели» деген үстүрт айтылган гана жалпак сөздөр болду. Муну менен президент 11-апрелге белгиленген мөөнөтсүз митинг алдында өзүнө-өзү саясий утулуш алып келди. Өзүнө-өзү туура эмес өкүм чыгарып алды. Кайрылуудан соң буга чейин анча-мынча күмөн санап, орток позицияны карманган «Реформа үчүн» кыймылына мүчө депутаттардын көпчүлүгү эми президенттен үмүттөнүп болбойт экен дегендей биротоло бириккен фронтко өтүүгө ниеттенишүүдө.

«Реформа үчүн» кыймылынын теңтөрагасы Алмаз Атамбаевдин айтмында, президент сүйлөшүүгө даяр экенин көрсөттү, бирок эми конкреттүү чараларга барыш керек:

- Президент сүйлөшүүлөргө даяр болуп турганы көрүнүп турат. Эми оппозиция бул кайрылууга ишенсин десе реформаларды жүргүзүү боюнча дүйшөмбүдөн тарта конкреттүү чараларды көрө башташы керек.

«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов болсо президенттин айткандарына ишенбейт:

- Жаңы эс нерсе жок. Конституциялык реформа кылам дегени менен ал кандай болот, эч бир анализ жок. Жөн гана коркконун оппозиция менен сүйлөшөм деп атат. Биз бу кишиге ишенбейбиз. Биз өзүбүздүн ишибизди аткара беребиз.

КДК партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеевдин пикиринде, президент кайрылуусунда оппозициянын талаптарын аткарууга даяр экенин көрсөттү жана азыр митингдерге барбай маселени сүйлөшүү менен чечүү эң туура жана демократиялуу жол:

- Президент азыркы учурду туура баалап, оппозициянын талаптарын аткарууга даяр экенин көрсөтүп атат. Менимче, бул кырдаалды кыйла жеңилдетет. Эгер конституциялык реформага, коалициялык өкмөт түзөм дегени бышык болсо митингдерге барбай эле маселени сүйлөшүү менен чечкен оң. Кандай кемчилик кетирип аткан күндө да президент аны мойнуна алгандай болуп, бардык маселе боюнча сүйлөшүүгө даярмын дегени коомчулукта чоң үмүт туудурууда.

Ошентип президенттин кайрылуусу боюнча саясатчылардын арасында ушул өңдөнгөн ар кыл пикирлер айтылууда.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG