Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:02

ФРОНТЧУЛАРДЫН КАРМАЛЫШЫ, ПРЕЗИДЕНТ АЙЛАНАСЫНДАГЫ КҮЧТӨРДҮН КАРМАШЫ


24-мартта Бишкекте оппозициялык Бириккен фронттун эки активисти кармалып, үч сааттан кийин бошотулган. Активистерди милиция кызматкерлери баракчаларды таратып жүргөн жерден кармашып, суракка алышкан. Бириккен фронт бул кармоону милиция тарабынан укук жана мыйзамдарды бузуу катары баалоодо.

Бириккен фронттун өкүлдөрү Азамат Жаңыбаев менен Сонунбүбү Бердикожоеваны Бишкектеги Алатоо аянтында баракчаларды таратып жүргөн жеринде милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Аларды Биринчи май райондук милиция кызматына ким экендигин аныктоо үчүн алып барышкандыгы кабарланган. Бириккен фронттун активисттеринин бири Эмил Алиев бул окуя тууралуу буларды билдирди:

- Үч сааттан ашык кармашкан. Текшеришип эч нерсе таба албай, ким экендиктери тууралуу маалыматтарды жазып алышкан. Колдорундагы баракча, гезиттерди алып, андан кийин жиберишкен. Биздин активисттер тараткан материалдар мыйзам түрүндө, гезиттерге басылган эле. Аларда мыйзамсыз чакырыктар болгон эмес.

Милициянын бул аракети Бишкек шаардык милиция кызматынын башчысы Молдомуса Конгантиевдин буйругу менен болгон деген Эмил Алиев кармоону бийликтин алсыздыгы катары баалады:

- Бул саясий кысым деле эмес. Бирок жалпы маанайлары ошондой болуп жатат. Коркушканынан кимдир бирөө чыкса эле ошондой аракеттерди жасап жатышат. Бул Бишкекте эле эмес башка жерлерде да болуп жатат. Кеңселерди жаап жатышат. Бизге иштеген кишилерди коркутуп, туугандарын иштен алабыз, каматабыз, бирдемкеңди табабыз деп айтышууда. Бул бийликтин алсыздыгы.

Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун активисттердин кармалышы тууралуу мындай пикирин айтты:

- Эгерде Кыргызстанда ислам мамлекетин куруш керек, конституциялык түзүлүштү алмаштырылыш керек, же Бакиев деген элдин чыккынчысы деген баракчаларды таркатып жүрүшсө, анда кармап, териштириш керек. Анан эгерде фронттун максаттарын, милдеттерин чагылдырган баракчаларды таратып жүрүп кармалган болсо, анда ал адам укугун тебелегендик, ал туура эмес.

Укук коргоочунун маалыматы боюнча, президенттин айланасында эки түрдүү көз караштагы адамдар күрөшүүдө. Бир тарабы оппозицияга бийликтин бекемдигин, күчкө-күчтү коюуну, чечкиндүүлүктү көрсөтүүнү жактаса, экинчи тарап сүйлөшүүлөрдү, компромисти жактоодо:

- Негизи күчтү самаган чоң кызматтагылар көп эле экен. Бирок демократиялык, гумандуу, цивилизациялык жол менен чечели дегендер да аз эмес. Президенттин айланасында ушундай күчтөр өз ара күрөшүп жатабыз. Мен демократиялык жолдо келатканмын жана күчтү жактагандарга жол бербеш үчүн бардык аракеттерди жасаймын. Президент да күч жолуна барбайт деп айтып жатам.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG