Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

МИНСКИДЕ ОППОЗИЦИЯНЫН ЧАКЫРЫГЫН КОЛДОП МИҢДЕГЕН КИШИЛЕР КӨЧӨГӨ ЧЫГЫШТЫ


Жекшемби, 25-мартта Минскиде белорусиялык оппозиция бийликтин уруксат бербегенине карабай, 1918-жылы Беларус элдик жумурияты болуп түзүлгөн -Көз карандысыздык күнүн белгилөө митингисин өткөрдү. «Азаттыктын» кабарчысы билдиргенге караганда, көчөгө чыккандар эсеби 15 миң кишиге чукулдап барган. Жүрүшкө чыккан оппозицияны милиция баш калаанын борборундагы Октябрь аянтынан кууп таркаткан. Көчөгө чыккандарды таркатуу маалында кагылыш чыгып бир нече киши жарадар болушкан. Былтыр да ушул ай, ушул күнү Александр Лукашенко үчүнчү жолу президент болуп шайланганда, атуулдар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчөгө чыгышканда, азыркыдай - кууп таркатуу болгон.

Чындыгында Минск бийлиги оппозицияга митинг өткөрүүгө уруксат берип, бирок аны калаанын ортосундагы аянтта эмес Бангалор аянтында өткөргүлө деген талап койгон. Бийлик уруксат берген аянт калаанын четинде болгондуктан оппозиция тобокелге салып, өздөрү суранган Октябрь аянтында өткөрмөк болушкан. Эртең менен барса аянтты милиция үч курчап тосуп алган болот. Ошондо аны бузуп өтүү аракетин жасашкан опозиция менен милициянын ортосунда кагылышуу чыккан.
Акыры милициянын күчү менен сүрүлүп калышкан миңдеген киши Илимдер Академиясынын имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн. Ал жерде бириккен демократиялык күчтөр лидери Александр Милинкевич сөз сүйлөп: «Биздин күрөш – азаттык үчүн, көз карандысыздык үчүн! Европалык Беларус болуш үчүн жүрүп атат!» - деген.

Көчөгө чыккандар эсеби РИА «Новости» билдиргенге караганда 10 миңден ашат, «Азаттыктын» кабарчысы айтканга караганда 15 миңге чукулдап барат. Ырасмий бийлик маалыматында 3,5 миңдей келет.
Кандай болгон күндө да беларус оппозициясы бул жолу алгач ирээт бийлик менен теке маңдай келип укугун талашканга бара алды дешет. Дагы бир белгилей кетчү маанай – демейде мындай көчөгө чыгуу болгондо, оппозицияны массалуу түрдө камоо болуучу, а бул жолу ал жорук кайталанбады дешет. Бирок оппозициянын кайсы бир активдерин алдыңкы күнү кармоо болгонун Беларустун бириккен партиясынын жетекчилеринин бири Игорь Шипкарик айтат:

-Көз карандысыздык» күнүн белгимлөө болоррдон алдыңкы эки күнү баш-аягы кырктан ашуун кишини кармап кетишти.

Былтыр да оппозицияны кармоо болгондо президент Лукашенко журналисттерге аларга бийлик абдан жылуу мамиле жасай тургандыгын билдирген:

- Алардын кармалган тобун, кийин биз алып келип жылуу-жумшак жаткырып, ичем дегенин ичирип, жейм дегенин жедирип бапестегенибиз үчүн алар биздин милицияга ыраазы болуп кетишет.

Анализчилер чөйрөсүндөгү кепте Минскиде «Көз карандысыздык» күнүн белгилөө шылтосу менен оппозиция бул жолу үндөп көчөгө алып чыккандар эсеби бийлик болжогондон алда канча көп болду дешет. Анын артында - баарыдан мурда беларус атуулдарынын режим кысымынан коркпой, ал тургай, ага кыр көргөзүү кадамын жасоого даяр экенин билдирип койду дешет.

XS
SM
MD
LG