Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

26- МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Түркстан республикасынын Борбордук Аткаруу комитетинин кичи президиуму 1924-жылдын бул күнү Тоолуу областтын уюшулушу туурасында чечим чыгарган. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн көрүнүктүү өкүлү эсептелген Абдыкерим Сыдыков 1925-жылдын 26-март күнү, Бүткүл союздук борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Серафимовдун баяндамасы боюнча жарыш сөзгө чыкты.

Совет мамлекети курулуп, партия жар салган улуттук автономия идеясына жараша кыргыз калкынын прогрессивдүү инсандары Советтер Союзунун курамында мамлекет түптөө идеясын көтөрүп чыгышкан. Алардын демилгесине ылайык Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитетинин кичи президиуму 1924-жылдын бул күнү Тоолуу областтын уюшулушу туурасында чечим чыгарган. Тоолуу област курамына Жетисуу областындагы Пишпек, Каракол, Нарын уездери жана Сырдарыя областынын олуяата уездине караштуу тоолуу аймактар кирген. Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитети Фергана өрөөнүндөгү кыргыздардын маселесин мында кулач жайган басмачылык кыймылга байланыштуу ачык койгон.

Кара-кыргыз автономиялык областынын Биринчи Уюштуруу курултайы мамлекеттик уюштурулуштан тарта, билим берүү тармагы жана кыргыз алфавитине чейинки татаал маселелердин ажаатын ачкан. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн көрүнүктүү өкүлү эсептелген Абдыкерим Сыдыков 1925-жылдын 26-март күнү, бүткүл союздук борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Серафимовдун баяндамасы боюнча жарыш сөзгө чыкты. А. Сыдыков Кыргызстандагы жер реформасы жана кыргыздарды отурукташтыруу проблемасынын тегерегинде бир канча олуттуу көйгөйлөрдү көтөргөн. Анын бири падышалык мезгилде пайда болгон орус жер которуучулары менен жергиликтүү калктын мамилеси жана жер иштетүүнүн өндүрүмүн арттыруу экендигин белгилеп сүйлөдү.

Кыргыз АССР Элдик комиссарлар кеңешинин 1928-жылдын 26-марттагы чечимине ылайык мамлекеттик кызматкерлердин “окуу сааты” белгиленген.

Мамлекеттик кызматкерлер эртең мененки 8-14 саат 30 минутага чейин үй бүлөөсүндө калып, сабатын арттырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Нарын областынын Сарыбулак жергесинде 2003-жылдын 26-марттан 27-мартка караган түнү 21 адам өлтүрүлгөнү маалым болду. Каргашага кабылган адамдар Кытайга каттаган ишкерлер экендиги жана аларды ташыган автобус өрттөлүп, кылмыш жасалган жерде автомат огунун гилзалары табылган.
XS
SM
MD
LG