Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

ЕВРОБИРИМДИК ЭЛҮҮГӨ ТОЛДУ


25-мартта Евробиримдик Берлиндеги салтанатта өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгиледи. Мааракенин немец башкалаасында өтүп жатышы, Германия уюмдун учурдагы төрагасы экендигинде. Ал эми азыр 27 өлкөнү баш коштурган уюм Италиянын борбору Римде "жарык дүйнөгө"келген.

1957 - жылдын 25-мартында кол коюлган келишим ал кезде Европанын Экономикалык шериктештиги деген уюмду түзүүнү караган. Марио Сеньи - Италиянын ошол кездеги премьер- министри Антонио Сеньинин уулу. Ал 17 жаш курагында Парижге атасы менен барып, Франция, Германия, Бельгия, Нидерландия, Люксембург, Италия лидерлеринин Евробиримдикке негиз түзгөн келишим боюнча сүйлөшүүлөрүнө күбө болгон экен:

- Жогорку мектептин студенти катары атамды Парижге коштом барганым жакшы эсимде. Жыйын үч күнгө созулду. Ал расмий эмес, бирок маанилүү аракет эле. Ал кезде студент экениме карабай, бул маселерди көп аңдаган эмесмин. Немец канцлери Конрад Аденаур менен элчиликте кечки тамакка чогулганыбыз эсимде.

Европа Экономиккалык шериктештиги анда "төрт эркиндикке": товардын, кызмат көрсөтүүнүн, капиталдын жана адамдардын эркин жылуусуна негизделип түзүлгөн. Чындыгында болсо адам менен капиталдын эркин жылуусу дагы ондогон жылдардан кийин ишке ашты. Анткен менен ошол келишим товардын эркин жылышына, баажы тарифтеhдин акырындык менен төмөндөшүнө жана айыл-чарбасындагы бирдиктүү саясатка бат эле шарт түзгөн экен.

Ал эми тарыхтын андан мурунку окуяларына кайрылсак, интеграцияны көздөй биринчи кадам 1951-жылы Парижде жасалып, Европанын Көмүр жана болот шериктештиги деген уюм түзүлгөн. Анын максаты Европада дагы бир согуштун чыгышына ошол кезде уюмга мүчө алты өлкөнүн өнөр- жай ресурстарын бириктирүү аркылуу жол бербөө эле. Ал жараян өз кезегинде экономиканын өнүгүшө да шыкакчы болмок.

Көмүр жана болот шериктештиги жөнүндөгү келишим уюмдун арткаруучу органы - Еврокомиссияны түзүүнү да карап, коргонуу жана саясий жактан биримдик жөнүдөгү чакырктардын айтыла башташына алып барган. Француз парламенти маселени колдоодон баш тарткн соң, бул аракеттер оңунан чыкпай калган. Кооптонуулар көбүнесе суверенитет жоголот деген маселеге барып такалган эле.

Ушуга окшошо эле тынчыздануулар Британияны 1972-жылга чейин Европа Экономикалык шериктештигине кошулуудан сактантып келди. Британиянын кошулуусуна, тарыхый маалыматтарга караганда, Франциянын ошол кездеги президенти Шарль де Голль Лондондун АКШ менен алакасынан улам каршы болгон экен. Бирок акыр аягында Британиянын кириши Евробиримдиктин азыркыдай 27 өлкөгө чейин кеңейишине жардам берген окуя катары бааланат. Италиянын ошол премьер- министри Антонио Сеньинин уулу Марио Сеньи:

- Кийинчерээк менин атам Британиянын биримдикке кошулусунун кызуу жактоочусу болгон. Мен кийинчерээк де Голлдун эскерүүлөрүнөн таптым. Анда мамлекет башчылар менен тышкы иштер министрлердин жыйындары ачык -айкын сүрөттөлгөн. Ал өзгөчө Антонио Сеньи менен Бельгиянын тышкы иштер министрин Пол Спаактын сөздөрүн эскерет.

Айтор 1957-жылдан кийин да Евробиримдикке карай жол көптөгөн чечүүч этаптарды басып өтөт. Анын ичинде 1992-жылы Евробиримдик деген атка, саясий жана каржы биримдигине алып келген Маастрихт келишими, 2004-жылы континенттин борбору менен чыгышынан кезинде коммунисттик доорду баштан өткөргөн он өлкөнүн кошулуусу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG