Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:24

ЧЕЧЕНСТАНДА КОЛУНА КУРАЛ АЛЫП КҮРӨШҮП АТКАН ЖИКЧИЛДЕР САНЫ КАНЧА?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Түндүк Кавказдагы оперативдик штабды башкарган генерал Аркадий Еделев билдиргенге караганда азыркы тушта Чеченстан жеринде колуна курал алып кармашып аткан, жалпы саны 450 кишиге жеткен бандалык 37 топ бар. Ал маалымат 19-мартта Грозныйда өткөн маалымат каражаттары менен болгон жолугушуу үстүндө айтылган. Бирок ошол эле генералдын бир ай мурда айткан пикирине ал карама каршы чыккан. РИА «Новости» агенттиги таркаткан маалыматта президент Рамзан Кадыров ал бандалар эки айдын ичинде толугу менен жок кылынат деген. Анализчилер болжолунда кийинки учурда бүтүндөй Түндүк Кавказды кучагына алып бараткан жикчилдер кармашы басылмак турсун кайра күчөп олтурат.

Орусиянын федералдык аскеринин Чеченстан Жумуриятында согуштук аракеттерди жасоо штабынын башкы буйрук берүчүсү Генерал Еделевдин 2-февралда айткан жообунда («Россияская газета» - ММ) колуна курал алып кармашып аткан жааттын эсеби, жылдан жылга айтылып келе жаткандай 1000-1500 киши эмес «450 кишиге чейин азайды жана алар 46 майда топко бөлүнүп аракет жасашууда» - деген. Андан ары «алардын катарынан отуздайы чукулку жана алыскы чет өлкөлөрдөн келгендер» - деген.

Украиналык «Бандерівець» сайтына басылып андан 7-марта KavkazCenter сайтына орусча жарыяланган азыркы Чеченстандык жикчилдер башында турган Докку Умаровдун маегинде: «Биз мамлекетибиз бар элбиз. Ал элдик төңкөрүш натыйжасында 1991-жылы 6-сентябрде мурдагы калыбына келген. Бүгүн ал мамлекетибизди душман басып алды, биз баскынчыларга каршы согуш жүргүзүп атабыз жана алар биздин жерден эртедир кечтир акыры куулуп ташталарына ишенебиз. Бир эле Чеченстандан эмес бүтүндөй Кавказ жергесинен», - деп айткан.

Муну менен Докку Умаров согуштун Чеченстанда уланып атканын бышыктаган. Ал андан ары: «Миңдеген жаштар бизге келип хазатка катышуу үчүн уруксат сурашат. Бирок каражат тартыш болгондуктан биз алардын өтүнүчүн аткара албай атабыз. Ошондуктан Ичкерия менен Кавказда гана эмес Волга боюнда жана Урал тегинде жашаган жаштар куралдуу жаат уюштуруп өз алдыларынча аракет жасашууда», - деген.

Айтылган ойдун чындыкка чукул жагы бар экендигин согуштук анализчи Владислав Шурыгин айтат:

«Кимдир бирөө акча үчүн, кимдир бирөө мүдөө үчүн, кимдир бирөө согуштук тажрыйба алып кийин кайра элине барганда ошондой иш жасаш үчүн Чеченстанга барышат».

Какваз коюнунда эл аралык террорчулар бар экендигин Орусиянын президенти Владимир Путин мындан алты жыл мурда эле, экинчи Чеченстандык компаниясын ачып атып эскерткен.

Орусиянын лидери мурунку жылы журналистер менен кезектеги жолугушуу маалында Грозныйда нагыз тынччылык орногонун жарыялаган:

«Чеченстан жумурияты түботоло Орусиянын баш мыйзамынын алкагына кайтып алынып келинди», - деген эле.

Андан соң Кремлдин кишиси делген жаңы жетекчи Грозныйга дайындалып абал жакшыргансыган. Бирок ошондон кийин деле орусиялык саясий төбөлдөр арасында Түндүк Кавказда абалды кооптуу деп көп айтышат.

XS
SM
MD
LG