"Мусулман боордоштор" деп аталган партияга Мисирде мурда эле тыюу салынган, бирок парламенттеги орундардын 20 пайызы дал ушул партияны жактаган депутаттарга таандык. Бул депутаттар өздөрүн көз карандысыз деп атаганы менен, алар "Мусулман боордоштор" партиясынын мүчөлөрү же аларга жакын экенин көпчүлүк эл билет. Мындан 80 жыл мурда негизделген партия азыр дүйнөнүн 75 мамлекетинде аракеттенет жана анын Мисирдеги таасирин азайтуу үчүн президент Хосни Мубарак декабрда конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган, парламент болсо ал демилгени өткөн аптада гана жактырды.
Бардыгы болуп конституцияга 34 өзгөртүү киргизилүүдө, алардын айрымдары боюнча президенттин бийлик укуктары анча-мынча кыскартылып, алар парламентке берилүүгө тийиш. Андан тышкары шайлоо учурундагы соттордун укуктары да бир кыйла азайтылат, бирок эң башкы өзгөртүү - диний негизде түзүлгөн саясий партияларга тыюу салынууга тийиш.
"Боордош мусулмандар" жана башка партиялар референдумду бойкоттоого чакырды, бирок Мисирдин мыйзамдары боюнча добуш берүүгө канча адам келсе дагы референдум өткөрүлгөн болуп эсептелинет. Мисал үчүн, көз карандысыз байкоочулардын айтымында, 2005-жылдын май айында өткөрүлгөн референдумга өлкө шайлоочуларынын беш гана пайызы катышкан.
Бардыгы болуп добуш берүүгө укугу бар адамдардын саны Мисирде 35 миллиондун тегерегинде, өлкө боюнча 34 миң шайлоо чөлкөмү түзүлгөн жана өлкө жетекчилигинин айтымында, добуш берүүгө шайлоочулардын 25 пайызы катышаары күтүлүүдө. Конституциялык өзгөртүүлөр жактырылыш үчүн добуш бергендердин жөнөкөй көпчүлүгү эле талаптуу, алардын айрымдарын жактырып, башкаларын четке кагуу да мүмкүн эмес - баары үчүн бир добуш бериш керек.
Адам укуктарын коргоочулар жана айрым чет өлкөлүк эксперттер жаңы өзгөртүүлөрдү сынга алганда өлкө жетекчилиги аны четке какты. Мисал үчүн, 25-март күнү Мисирге АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс келгенде дагы ал тууралуу айткан, бирок өлкөнүн тышкы иштер министри Ахмед Абу ал-Гейт аны Мисирдин ички иштерине кийлигишкендик деп баалады. Анын айтымында, эл аралык террорчулук кеңири тарап бараткан учурда Мисирге мындай жаңы мыйзамдар өтө керек.
Добуш берүү жүрүп жаткан күнү Каир шарынын борборунда каршылык митинги өттү: "Бул фарска катышпагыла! Добуш бергендер жазаланат. Бул маскаралыкка катышуу менен силер чыккынчылык кылып жатасыңыр!" - дейт митингчилер.
Бирок айрымдар референдумду жактырууда: "Бул абдан жакшы демилге жана туура ишке ашырылууда. Эл эми 'макул' же 'жок' деп бул маселе боюнча өз пикирин билдире алат. Шайлоочулар муну колдош керек жана добуш берип, өз турумун аныктоого тийиш", - дейт Юсеф деген шайлоочу.