Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

ИРАН БРИТАНИЯЛЫК АСКЕРЛЕРДИ ТУТКУНДАРГА АЛМАШТЫРЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Британиялык 15 деңизчинин Ирандын “чек арасын” бузду деген күнөө менен кармалышы дипломаттык чатакка айланып кетиши ыктымал. Британ тарап ырасмий Тегерандын билдирүүсүн четке кагып, деңизчилер Ирактын сууларында аткезчиликти текшерип келатканда камакка алынганын айтууда. Ошондой эле 15 деңизчини Британ консулу менен тезинен жолуктурууну өтүндү.

Британиялык 15 деңизчини ирандык аскерлер өткөн жума күнү Перс булуңундагы Шат ал-Араб деңиз жолунун Иракка таандык бөлүгүндө соода кемелерин текшерип келатканда камакка алган. Британ премьер-министри Тони Блэр “Корноулл” кемесинин мүчөлөрүн камакка алууну “өтө олуттуу окуя”, “жаңылыштык жана адилетсиз аракет” деп атады:

- Бул маселе- биз үчүн канчалык фундаменталдуу экенин Иран өкмөтү түшүнөт деген үмүттөмүн. Биз бул дубай саламды аларга ырас эле ачык айтып жибердик. Бул иш келерки бир нече күндүн ичинде чечилет деген үмүттөмүн, ал канчалык ылдам жөндөлсө, баарыбыз үчүн ошончолук жеңил болот.

Бирок, Иран өкмөтүндө британиялык 14 эркек менен 1 аял деңизчини койо берейин деген ниети жок сыяктанат. Тышкы иштер министри Манучер Моттаки кармалган британдар “Ирандын ээлигиндеги сууларга мыйзамсыз киргени үчүн юридикалык жактан тергеле” турганын жана бул биринчи жолу болуп жатпаганын эскертти:

-Иран бийликтери береги деңизчилерди Ирандын сууларында колго түшүрдү жана Ирандын сууларында кармады. Бул мурда да болгон. Азыр тергөө астындагы бул ишти биз мыйзамый жактан териштиребиз.

Британиянын тышкы иштер министри Маргарет Бэкетт айым 26-мартта Анкарада сүйлөп, өз букаралары менен жолуктурууну жана алардын саламаттыгын текшерип көрүүгө уруксат берүүнү Ирандан өтүндү.

Британиянын “Таймс” гезити британ деңизчилери чек ара оюнунда алмаштыруу үчүн “атайылап барымтага алынды” деп боолгойт. Мындай көз карашка Лондондогу Араб жана Иран изилдөөлөр борборунун талдоочусу Али Нуризаде кошулат:

-Британиялык жоокерлерди Ирандын сууларына сүйрөп кирип, камакка алуу үчүн Шат ал-Арабда атайылап, мыкты пландаштырылган операция өткөрүлгөнүнө ишенем. Бул Ынкылапчыл гвардиянын деңиздеги атайын бөлүктөрү жакшылап пландаган операция болду.

Профессор Нуризаденин боолгошунча, Тегеран британиялык аскерлерди Иракта АКШлык күчтөр колго түшүргөн Ирандын ынкылапчыл гвардиячыларга алмаштыруу үчүн туткунга алган болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG