Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:24

КЫЯЗ МОЛДОКАСЫМОВ: ПРЕЗИДЕНТ ЖАРЛЫГЫНДА МТРКнын ЖАМААТЫНЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ЭСКЕ АЛЫНГАН ЭМЕС


26-мартта президент К. Бакиев мамлекеттик телерадиоканалды коомдук башкарууга өткөрүү жөнүндө жарлыгын чыгарды. Бул көптөн күткөн окуя жөнүндө “Азаттык” менен Мамлекеттик телерадиокомпаниянын төрагасы Кыяс Молдокасымов ой-пикир бөлүштү.

- Ошентип президент акыр-аягында былтыртан бери айтылып келаткан талапка көндү. Сиз кечээ бул өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн жасалган саясий чечим болду дедиңиз. Сиздин баамыңызда азыркы кырдаал былтыркы ноябрга караганда курч болуп турабы?

- Азыр айрым бир байкоочулар апрель айында боло турган окуяларды жарандык кагылышууга жеткирбей, түндүк, түштүк дебей, бөлүнүүдөн сактап калуу аракеттерин жасоодо. Ошон үчүн ноябрдан дагы күчтүү болуп кетеби деген кооптонуулар бар.

- Берүүлөрдүн сапатына бул өзгөрүү кандай таасир тийгизет?

- Берүүлөрдүн сапатын буга чейин эле биз жакшыртканбыз. Буга чейин бизде бир топ реформалар болгон. Буюрса, ушул биз жүргүзүп келе жаткан реформанын экинчи этабын жүргүзүүдө бул жарлык өзүнүн таасирин тийгизет.

- Ушул реформалар жөнүндө кененирээк айтып бере аласызбы, тактай аласызбы, кандай реформалар жүргүзүлдү?

- Мисалы, биз алгач мамлекеттик телерадио компаниясынын өзүндө эл аралык стандартты киргизүү үчүн бир жылдан бери аракет кылып келе жатабыз. Эл аралык стандарт деген өзүңүздөр жакшы билесиздер, “Азаттык” радиосунан мамлекеттик телерадио компаниясына келээрдин алдында президент Курманбек Салиевич мамлекеттик телерадио компанияны “Азаттык” радиосу сыяктуу эл аралык стандартка көтөрүп, реформа жүргүзүп бер деп тапшырма берген мага. Бир жылдан бери ошонун үстүндө иштеп атабыз. Журналисттер эркин көз карашта ар түрдүү багыттагы саясатчылардын пикирин эркин чыгарууга көнүп баратышат, анын бир эле үлгүсү мына “Азаттык” радиосу менен ээн-эркин иштешүү. Ошондой эле буга чейин эл аралык стандартка ылайыктуу “Сорос” фондусу менен, Американын демократиялык институту менен өз алдынча эркин маанайдагы көрсөтүүлөрдү, уктурууларды даярдап келгенбиз. Телевидениедеги жаңылыктар, ошондой эле айрым аналитикалык программалар мурдагы Акаевдин мезгилиндегидей эмес, бардык маселелерди ачык айткан программалар, көрөрмандар, угармандар да өзүлөрү күбө, кадимкидей көрсөтүлүп келе жатат. Эң негизгиси журналисттердин ушул ишке карата көз караштарын бир топ өзгөртүүгө жетиштик.

- Президенттин кечээги жарлыгын кайра сөз кылсак, 15 кишиден турган байкоочу кеңешке президент беш адамды сунуштай алат экен. Сиздин пикириңизде кандай кишилер кириши керек ошол кеңешке?

- Бул жерде президент сунуштайбы, парламент сунушайбы, жарандык коомдор сунуштайбы, булардын бардыгын парламент бекитип берет. Эгер парламент аларды бекитип бербесе алар өтпөй калат. Ошондуктан президент телевидение, маалымат каражаттарын жакшы билген өкүлдөрдөн сунуш кылат деп ойлойм, ошондой жарандык коомдор дагы. Бирок, бул жерде айта кетүүчү нерсе, бул жарлыкта телерадионун жамаатынын пикири эске алынган эмес. Себеби, биз буга чейин ичтен реформа жасасак болот деген ишеничти жаратып койгонбуз. Ага бүтүндөй телерадионун кызматкерлери дагы чечкиндүү кирише баштаган. Алардын өкүлдөрүнүн Байкоочулар Кеңешине кирбей калышы, мындайча айтканда мындан ары мамлекеттик телерадиокомпанияны реформалоодон аларды чететтүү жамааттын бир топ нааразычылыгын пайда кылып атат. Бул, албетте, мамлекеттик телерадиокомпанияны реформалоого кедергисин тийгизеби деген кооптонууну жаратууда.

- Президент өз талапкерлерин сунуш эткенде сиз менен акылдашат деп ойлойсузбу?

- Жок. Бул жарлыкты чыгарып атканда дагы президент эч кандай биз менен кеңешкен эмес. Ошондой эле байкоочулар кеңешин сунуш кылып атканда дагы биз менен кеңешпей эле сунуш кылышы толугу менен мүмкүн. Ошондуктан бул жерде көпчүлүгү чоочубай эле койсун, мамлекеттик телерадионун жетекчилиги менен кеңешип туруп анан сунуш кылынат деген оппозициялык маанайдагы саясатчылар эмитен эле жыйынтык чыгарып атышканы, бул албетте туура эмес го деп ойлойм.

Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Айнура Жекше кызы, Прага
XS
SM
MD
LG