Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

РОССИЯНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНА В. ЧУРОВ ЖЕТЕКЧИ БОЛДУ


Шейшемби күнү Россиянын Борборшайлоокомунун мүчөлөрү Владимир Чуровду мекеменин төрагасы кылып шайлашты. Президент Путиндин мурдакы коллегасы Чуровдун алдында декбарда парламенттик шайлоону, келерки жылы президенттик шайлоону өткөрүү милдети турат. Анүчүн, Кремль саясатта дасыккан жана өзүм билги Вешняковдун ордуна ийкемдүү инсанды отургузду деп боолгошот талдоочулар.

Владимир Чуровду БШКнын 13 мүчөсү колдоп, калган экөө каршы добуш берди. Айрым талдоочулар Чуровдун төрагалыкка келүүсү - БШКны жеңил башкарылуучу органга айлантууну көздөп жасалганын айтышат.

Анткени, БШКны эки мөөнөт жетектеген Александр Вешняков акыркы жылдары саясый турмуштун ири оюнчусуна айланып, мыйзамдардын аткарылышына жана саясый оюндардын жүрүшүнө гана көз салбастан өзү да оюндун эрежесин таңуулап калган эле. Ошон үчүн, Кремль быйыл декбарда болчу парламенттик жана 2008-жылдын мартында өтчү президенттик шайлоо алдында БШКнын башынан Вешняковдой таасирлүү оюнчуну алды дейт россиялык таанымал аналитик Борис Кагарлицкий:

-Азыр маселе бийликтин ичиндеги кайсы бир топтордун өз алдынча өнөгү боло албаган инсанды табуу жөнүндө болуп жаткан сыяктуу. Бул кызматта узактан бери отурган Вешняков кыйла мезгилден бери байланышын бекемдеп, таасирлүү инсандар менен өз алдынча мамиле куруп калгандыктан, ал күтүүсүздөн коркунуч жаратуусу мүмкүн эле. Ошон үчүн анын ордуна ким келгени маанисиз.

Борис Кагарлицкий – Москвадагы Глобалдык изилдөөлөр борборунун жетектейт.
Ал эми Саясый технологиялар борборунун орун басар директору Борис Макаренко 54 жаштагы Владимир Чуровдун таасири чектелүү Либерал-демократтык партия- ЛДПРдын парламенттик фракциясы сунуш кылганына шилтеп, анын негизги милдети “бийлик эмне каалаганын сезе билип, аны майышпастан ишке ашыруу” болоруна көңүл бурат.

Владимир Чуров Борборшайлоокомдун шейшемби күнкү жыйынында сүйлөп, ал башындагы мекеме шайлоо өнөктүгү маалында эч бир партияга жан тартпасын, тескерисинче, алар менен тегиз мамиледе болорун белгиледи:

-Биз партиялардан бирдей аралыкта алыс болобуз. Бирок, бардык партиялар менен демократиялык шайлоонун катышуучусу жана мамлекеттик түзүлүштүн ажырагыс бөлүгү катары бирдей жакын болобуз.

Владимир Чуров кесиби боюнча физик жана Владимир Путин менен Санкт-Петербургдун мэриясында чогуу иштешкен. Ал 2003- жылы Мамлекеттик Думага Владимир Жириновский башындагы ЛДПРдин тизмеси боюнча шайланган. Бирок, азыр партияда жок.

XS
SM
MD
LG