«Центерра» компаниясы мына ушундай билдирүү таратканын Акипресс агенттиги бүгүн кабарлады. «Центерра» компнаиясы кыргыз өкмөтүнүн макулдугу менен түзүлгөн. Биз ал макулдашуунун юридикалык күчүнө ишенебиз. Ал эми мындай макулдашуулар боюнча талаштар эл аралык арбитраждык сотто чечилет, деп белгиленген билдирүүдө. 26-мартта парламент «Алтын кендерин иштетүүнү Кыргызстандын мыйзамдарына дал келтирүү жөнүндө» мыйзам кабыл алган. Анда Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишимдин юридикалык күчү жок экендиги белгиленген. (AiT)