Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

БЕШ МИНИСТР КЫЗМАТТАН КЕТТИ


Биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов баш болгон бир катар министрлер кызматтан бошотулду. Бошотулган министрлер катарында өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рустанбеков, саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязов, экономика министри Сабырбек Молдокулов, өкмөттүн аппарат башчысы Тынычбек Табылдиев, Кыргызпатенттин башчысы Роман Оморов, токой чарба агенттигинин башчысы Арстанбек Давлеткелдиев бар. Премьер-министр Азим Исабеков оппозициялык күчтөр талап кылып жаткан коалициялык өкмөттү түзүү максатында өзү ушундай чечим кабыл алганын бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Өкмөттү жаңы жашыраак мүчөлөр менен толуктоо зарыл, эми бошогон министрлердин жана мекеме жетекчилеринин ордуна татыктуу ишмерлерди дайындоо коомчулук, саясий партиялар менен акылдашып кеңешип чечилет. «Бирикмелер, кыймылдар, саясий партиялар өздөрүнүн сунуштарын берип жатышат, мен аларды карап чыгууга даярмын»,-деди премьер-министр.(AiT)

XS
SM
MD
LG