Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

KУРМАНБЕК БAKИЕВ: БИР ДА МИНИСТР КЫЗМАТТАН КЕТПЕЙТ


Президен Курманбек Бакиев бир да министр кызматынан кетпейт деп билдирди. Мындай билдирүүнү президент өкмөт мүчөлөрү менен бүгүн түштөн кийинки жолугушуу учурунда жасаган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди. Анын айтымында, айрым өкмөт мүчөлөрү коалициялык өкмөт түзүү үчүн орун бошотуп, кызматтан кетүүгө даярдыгын билдиришкен. Ошондуктан, премьер-министр Азим Исабеков биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөновду баш кылып беш министрди кызматтан кетирген чечим кабыл алган, бирок ал чечим президенттин жардыгы менен бекемделген эмес. Ошондуктан, бир да министр кызматтан кетпейт, бардык өкмөт мүчөлөрү өз ордуларында ишин улантат. Мамлекет башчы бир катар өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтан кетүү жөнүндө чечимдерин шашылыш кадам деп белгилеп, ага өкмөт курамы боюнча саясий күчтөрдөн эч кандай сунуш түшө электигин билдирген. К. Бакиевдин айтымында, конкреттүү сунуштар түшүп, алар талкуулангандан кийин гана өкмөт курамында алмаштыруулар болушу мүмкүн.

Бүгүн күндүзгү саат бирде премьер-министр Азим Исабеков маалымат жыйынын чакырып, коалициялык өкмөт түзүү максатында биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов баш болгон бир катар министрлерди кызматтан бошотконун жарыя кылган. Данияр Үсөнов менен катар өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рустанбеков, саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязов, экономика министри Сабырбек Молдокулов, өкмөттүн аппарат башчысы Тынычбек Табылдиев, Кыргызпатенттин башчысы Роман Оморов, токой чарба агенттигинин башчысы Арстанбек Давлеткелдиев кызматынан ыргыган. Премьер-министр Азим Исабеков оппозициялык күчтөр талап кылып жаткан коалициялык өкмөттү түзүү максатында өзү ушундай чечим кабыл алганын баса белгилеген. Премьер-министр Өкмөттү жаңы жана жашыраак мүчөлөр менен толуктоо зарыл, эми бошогон министрлердин жана мекеме жетекчилеринин ордуна татыктуу ишмерлерди дайындоо коомчулук, саясий партиялар менен акылдашып кеңешип чечилет деп белгилеп, «бирикмелер, кыймылдар, саясий партиялар өздөрүнүн сунуштарын берип жатышат, мен аларды карап чыгууга даярмын»,-деп билдирген.

XS
SM
MD
LG