Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

ЖААТТАШКАНДАРДЫ ЖАРАШТЫРУУГА АРГА БАРБЫ?


“Саясий туруктуулук жана биримдик үчүн” кыймылы 31-мартта эскертүү митингисине чыгаарын кыймылдын лидери Топчубек Тургуналиев билдирди. Ал ошондой эле өлкөдөгү саясий кырдаалды турукташтыруу максатында бүгүн Бишкекте форум өткөрүлөөрүн, ага президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун лидерлери, “Реформа” кыймылынын теңтөрагалары чакырылганын маалымдады. Бириккен фронттун басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Калман форумга эч кандай чакыруу сунушу болбогонун, фронттун өкүлдөрү ал форумга катышпастыгын кабарлады.

Топчубек Тургуналиевдин айтымында, “Саясий туруктуулук жана биримдик үчүн” кыймылы бийликке дагы, оппозицияга дагы жан тартпайт. "Бүгүнкү форумда өлкөнүн биримдигин, бейпилдигин, саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бийликти жана оппозицияны, конструктивдүү күчтөрдү жана ар кандай жарандык коомдордун өкүлдөрүн «ийри отуруп, түз кеңешүүгө» чакырабыз. Бардык маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү зарыл", дейт Тургуналиев.

-Президентке, өкмөткө айталы деп атабыз. Кадр маселесинде терең реформаларды жасаш керек. Шылуундарды, Акаевчилерди, «ак кепкачандардын» башчыларын бийликтен токтоосуз кетириш керек. Конституциялык реформанын тагдырын эл чечсин деп талап кылып атабыз. Экономикалык маселелерде ызы-чуу чыгарып жаткан эң негизги завод-фабрикалардын бүт бардыгын, тигил же формада мамлекетте калтырыш керек. Жок дегенде конторолдук пакеттин элүү бир пайызын калтыруу зарыл. «Кумтөрдүн» маселесин чечиш керек, деп атабыз. Андан башка Камбарата-1, Камбарата-2 деген жана башка курулуштарды мына баштайбыз, ана баштайбыз деп эки жылдан бери айтып келе жатышат. Кытайдан млрд. доллар инвестиция келе турган болду, Казакстандан эки жарым млрд. келе турган болду, деп атышат. Бул тим эле сөз. Качан башталат бул иштер? Элге биз ишеним беришибиз керек. Мына башталды деген.

Тургуналиев оппозициячыл саясатчыларды Кыргызстандын «кайыгын чөктүрүп албоого», Тажикстандагыдай жарандык кагылышууга алып барбоого, ар бир маселени кызуу кандуулукка алдырбай, акыл калчап чечүүгө чакырышарын билдирди.

Ал эми «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Калман аталган фронттун өкүлдөрү Топчубек Тургуналиев уюштуруп жаткан форумга катышпастыгын билдирди. Анын айтымында, “Саясий туруктуулук жана биримдик үчүн” кыймылы 31-мартта эскертүү митингисин өткөрсө, тескерисинче коомчулукта нааразылыктар күчөп, элди бөлүп-жарууга өбөлгө болот. Анткени бийликтен үмүтү үзүлүп, бириккен фронтко кирген атуулдардын саны күн санап өсүүдө.

-Тескерисинче карапайым эл Бириккен фронтко мүчө болуп киребиз деп, арыздарын жазып алып келип атышат. Шаардык кеңештин, облустук, жергиликтүү кеңештердин депутаттары фронтко кошулуп атат. Мына бүгүн эле шаардагы майып балдар коомунун төрагасы бизге кайрылып, үч жүз баланын атынан фронтко кошулуу үчүн арыздарын жазып кетишти.

«Ар-намыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев “Саясий туруктуулук жана биримдик үчүн” кыймылы форумга чакыруу жолдобогонун, аталган кыймылдын бул иш аракеттерине ишенбестигин билдирди.

XS
SM
MD
LG