Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

НАРЫНДЫКТАР ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВГЕ «ПРЕЗИДЕНТ БОЛ» ДЕП БАТА БЕРИШТИ


28-мартта “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Нарында болуп, коомчулук менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Карганбек Самаков, “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү Райкан Касымбек уулу, Өмүрбек Абдрахмановдор менен жолугууга келген эл алты жүзгө чукул орундуу Нарын музыкалык драма театрына батпай турду. Сөз алган Өмүрбек Текебаев алгач “Ата мекен” социалисттик партиясынын максаты менен тааныштырды. Андан соң азыркы бийликке мындай баа берди:

- Мына эки жыл өттү, биз бүгүнкү бийликке баа берип бүттүк. Анткени алар келечекти көрө билбейт, алар моюнчулдап камчыласаң дагы алдыга жылбайт. Биз жаңы саясий система түзүлүш керек деп эсептейбиз. Бул эркин атандаштыкка негизделген саясат болуш керек.

"Эмне үчүн реформаларга коркутуу менен барабыз"?- деп улады сөзүн Текебаев:

- Президентти ай сайын келип эле колунан кайрып, законго кол койдура беребизби. Митингге чыгабыз дедик эле, КТРди коомдук телевидение кылабыз деп мыйзамга кол коюптур. Бүгүн бир топ адамдарды жумушка келгиле, мен анча-мынча жаман министрлерди кетирип, башка бирөөнү коем дейт. Эмне үчүн биз ар дайым эле камданып барып, коркутуп, комиссия түздүк деп митинг, пикет менен башкарып калдыкпы?

Өткөн жылдан бери үч миң митинг болсо, анын үчөөнү оппозиция өткөрдү. Бирок ал инвесторлорду коркуткан жок деп айтты Текебаев:

- Оппозиция өткөргөн үч митинг эмес, Кыргызстандагы мыйзамсыздык чет элдик инвесторлорду коркутуп жатат. Эгер ушул жердик азаматтын менчигин, же базарын тартып алып, өзүн өлтүртүп коюп, милициясы менен сотун каратып койсо ошол жерде өндүрүш турабы. Турбайт. Сот адилеттүү болсо, мыйзамдуулук болсо, коррупция болбосо сырттан инвестиция келет.

“Реформа үчүн” кыймылдын дагы бир мүчөсү Өмүрбек Абдрахмановдун жаңы президенттик шайлоого барабыз деп жатабыз деген сөзүн эл кол чабуулар менен коштоду:

- Дагы бир эки элдин ортосунда чатак чыга электе айланайын кетип калыш керек. Жаңы шайлоо кылалы. Ошого татыктуу президент шайлап алалы деп атабыз, муну жашырбайбыз. Бул маалымат жетпей атса керек.

Келген коноктордун ичинен суроолордун басымдуу бөлүгү Өмүрбек Текебаевге берилип, ал көбүрөөк сүйлөдү. Бириккен фронт менен “Реформа үчүн” кыймылдын учурдагы иш аракети боюнча суроого мындайча жооп берди:

- Кулов бириккен фронт түздү. Берген убадалар аткарылыш керек. Президент ал убадаларды аткарууга жөндөмсүз деди. Биз “Реформа үчүн” кыймылы да президентти кетирип туруп жасасак жакшы, бирок кетирбей туруп жасасак деле болот деген бир аз жумшагыраак позициядабыз. Бирок ошого карабастан биз 11-апрелде митингге чыгып, президентти мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен отставка кетүүсүн талап кылабыз.

Жолугушуунун аягында нарындыктар Өмүрбек Текебаевге ак калпак менен кементай кийгизишип, келечекте президент бол деп бата беришти. Жолугушууга келгендердин арасында шаардын мэри, район акимдери, бир катар облустук мекеме жетекчилер болду.

XS
SM
MD
LG