ТБИЛИСИ. Грузиянын алгачкы президенти Звияд Гамсахурдиянын сөөгү Грузияга жеткирилди. Аны колдоруна шамдарды жана президенттин сүрөттөрүн көтөргөн сандаган тарапкерлери тосуп алышты. Гамсахурдия Грузияны эгемендикке алып келген, бирок 1992-жылы ал бийликтен четтетилип, 93-жылы Грузиянын батыш чөлкөмүндө белгисиз жагдайда каза болгон. Анын сөөгү 31-мартта Тбилисиге коюлат.