Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

ТАЛАСТА АЛТЫН КОМПАНИЯЛАРЫНА КАРШЫ АКЦИЯЛАР КАЙРА ЖАНДАНДЫ


Таласта кечээ күнү “Андаш”, “Жерүй” алтын компанияларынын иштешине каршы 500дөн ашык адам митингге чыгышты. Митинг төрт күн уланаарын жана бийлик маселени чечпесе Кыргызстанда уюшулуп жаткан Биримдик фронтуна кошулаарын билдирди “Азаттыкка” демилгелүү топтун лидерлеринин бири. Облустун губернатору кендин маселелери республикалык деңгээлде каралып жатканын айтты.

Митинг Талас шаарынын борборунда жайгашкан облустук акимчилик алдында өтүп жатат. Алтын казуучу “Андаш”, “Жерүй” компанияларына каршы турган эл эки боз үй тигишип, негизги үч талапты коюшту. Биринчиси, Таласта кендер жабылсын, экинчи, Акаевдин учурунда уурдалган 2 млрд. АКШ доллар мамлекетке кайтарылсын, үчүнчү - Талас районуна караштуу Көпүрөбазар айыл өкмөт башчысы Мырзабек Алмүрөковду жумуштан кетсин деп талап кылышууда.

- Конституцияда чоң тамга менен жазылып турат, мамлекеттин байлыгы анын эли деп. Бирок ошого азыркы бийликтегилер бизге 7, 14 жана бүгүнкү чыккан митингибизге эч кандай реакция бербегендиктен кийин бул митингди улантуу максатында 3-4 күндүк митинг өткөрөлү деп турабыз. Эгерде бийлик дагы эле реакция кылбаса, анда “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтко айла жоктон кошулабыз. Ага кошулганга бийлик өзү түрткү болуп атат, - деди Талас районуна караштуу Аксай айылынын жергиликтүү депутаты, кендердин иштешине каршы демилгелүү топтун лидерлеринин бири Азимкан Жунушалиев.

Көпүрөбазар айылынын тургуну, 9 баланын энеси Гүлсүн Жолдошева кен ачылса айыл чарба түшүмдөрүн башка жактан келген инвесторлор албай калат деп коркууда:

- Төрөлө турган балдарыбыз кемтиктер менен төрөлөт экен. Анын кереги эмне бизге. Биз эптеп оокат кылып отурганда картошкалар, буурчактар алынбайт экен. Асылбасын бизге.

Облустун губернатору Байымбет Мураталиев азыркы тапта айтылган эки кен ишке толугу менен кире элек. Булардын тагдырлары республикалык деңгээлде каралып жатканын айтты:

- “Жерүйдү” да, “Андашты” да мен ачкан эмесмин. Мамлекетте адистер, эксперттер бар, мына ошолор отуруп алып түз кеңешип, жарабайт десе жарабайт, жарайт десе жарайт. Араңарда лидерлер бар келгиле отуруп сүйлөшөлү, - деп элге кайрылды облустун губернатору Байымбет Мураталиев.

Талас районуна караштуу Көпүрөбазар айыл өкмөт башчысы болуп Мырзабек Алмүрөковдун иштешине каршы сөздөр митингде айтылды. Бирок район аралык соттун төрагасы Кеңешбек Султанбеков айыл өкмөт башчысы Алмүрөковдүн алтын кенине такыр байланышы жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG