Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

ИРАН-БРИТАНИЯ ОРТОСУНДАГЫ МАМИЛЕ ДАЛЕ КУРЧ


Британиялык 15 деңизчини 23-мартта ирандык аскерлер Перс деңизинде камакка алгандан бери Тегеран менен Лондон арасындагы абал курчуду. Бирок, деңизчилер Ирандын суу мейкиндигинде кармалды деп ырастап жаткан Тегеран шаршемби күнү абалды жеңилдетүү багытында биринчи кадамды жасады: чек араны бузуу кокустук болушу ыктымал экенин жана бир аял бошотулат деп билдирди.

Британиялык деңизчи аял бошотула турганын Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки шаршемби күнү жарыя кылды. Ал ошондой эле британ аскерлеринин кемесинин Ирандын суу мейкиндигине кирүүсү кокустук болушу мүмкүн экенин айтып, эки өлкө ортосундагы катаал жагдайды жеңилдетүү аракетин кылды.

Шаршемби күнү Британиянын Коргоо министрлиги кармалган кайык Иранга таандык сууларга кирбегенин тастыктаган материалдарды жарыялады. Орун басар министр, вице-адмирал Чарлз Стайл өз сөзүндө деңизчилер Перс булуңунда эларалык вазийпасын аткарып жүргөнүндө кармалганына өзгөчө басым жасады:

- HMS Cornwall кемесинин мүчөлөрү Ирактын ээлигиндеги сууларда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына ылайык жана Иран өкмөтүнүн макулдугуна жараша өзүнүн мыйзамый ишин аткарып жүргөн. Ирандык күчтөрдүн биздин адамдарды камакка алуусу мыйзамсыздык жана туура эмес.

Удаа эле Британиянын тышкы иштер министри Маргарет Беккет бардык 15 деңизчи бошотулмайын, Иран менен болгон байланыш токтотула турганын эскертти:

-Биз азыр дипломаттык алканын жаңы баскынчында турабыз. Ошон үчүн бүгүн Коргоо министрлиги окуянын жөнжайын жарыялады. Ушу тапта эки жак бардык аракетин бул маселени жөндөөгө арнашы керек деген тыянакка келдим. Биз Иран менен болгон бардык башка ырасмий, эки жактуу иштерди токтотобуз. Биз Иран саясатындагы башка багыттарды кылдат байкап жана иликтеп турабыз.

Лондон- Тегеран ортосундагы мамиле курчуп турганда, Кошмо Штаттары Ирандын деңиз чек арасына чектеш аймакта аскерий машыгуу өткөрүүдө. Шейшемби күнү башталган маневрга согуштук учактарды ташуучу килейген эки кеме, көптөгөн майда кемлер жана жүздөгөн учактар катышууда.

Вашингтондун маалымдашынча, Перс булуңунлдагы машыгуунун Иран күчтөрүнүн британиялык деңизчилерди камакка алуусу менен эч кандай байланышы жок. Бирок, ирандык күчтөр Перс булуңундагы АКШлык кемени аткылаптыр деген имиш-имиштен улам шаршемби күнү Нью-Йорктун биржасында 1 баррель мунайдын баасы 2 долларга кымбаттап, 65 долларга жетти.

Инвесторлор непада уруш башталса, кемелер өтчү Ормуз кысыгы жабылып калат деп чочушат. Бул жол аркылуу, Ройтерстин маалыматы боюнча, Перс булуңундагы өлкөлөр өндүргөн мунайдын 20 проценти ташылат.

XS
SM
MD
LG