Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:12

ПАКИСТАН ТООЛОРУНДАГЫ КАГЫЛЫШУУЛАР УЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Пакистандын Түштүк Вазиристан провинциясында жергиликтүү калктын куралдуу топтору менен "Өзбекстан исламдык кыймылы" деген уюмдун лашкерлери ортосунда салгылашуулар жүрүп жатат. Байкоочулардын пикиринде, өзбек куралчандары батаар жер калбай баратат.

Түштүк Вазиристандын өзүнөн түз маалымат алуу өтө кыйын, анткени Пакистан өкмөтү ал аймакты дээрлик көзөмөлдөбөйт, лашкерлер болсо телефон жана башка байланыш системаларын декабрда жок кылып салган.

Жергиликтүү журналист Арун Рашид билдиргенге караганда, акыркы мезгилде чындап эле аймакка өзбек лашкерлери ооп келген: "Өкмөттүк көзөмөл жокко эсе. Акыркы эки-үч жылда Пакистандын аскерлери бул аймакта 'ал-Каида' жана Талибандын жоокерлерине каршы согушкан, бирок ийгиликке жете алган жок жана жергиликтүү эки негизги уруу менен келишим түзүп, алар аймактан чыгып кетээри менен ал жерге лашкерлер ооп келди", - дейт Арун Рашид.

"Талибан" деген китеп жазган башка белгилүү журналист Ахмед Рашиддин айтымында, келгин өзбек жоокерлерин курал таштатуу кыйын: "Аларды куралсыздандыруу мүмкүн эмес. Чындап келгенде, алар бир топ күчтүү топ. Азыр ал жерде бир жарым миңден эки миңге чейин өзбек лашкери бар. Эгер курал таштаса, алар дароо же Пакистан же АКШнын аскерлери тарабынан жок кылынаарын алар жакшы түшүнөт, ошондуктан курал таштабайт", - дейт Ахмед Рашид.

Пакистан парламентинин мурдагы депутаты жана пуштун уруусунун жетекчиси Латиф Афридинин айтымында, жергиликтүү калк келгиндерди жакшы көрбөйт: "Менин билишимче, талибдер жергиликтүү уруулар менен тынчтыкта жашаган, бирок келгиндер андай эмес. Эгер алар жергиликтүү калктын намысына тийип, алардын эрежелери менен салттарын бузганын токтотпосо, тынчтык болбойт", - дейт Африди.

Айрым маалыматтарга караганда, талибдердин дагы бир корбашыларынын бири, Мулла Назирдин жоокерлери дагы ушул аймакта отурукташкан, бирок Назир өкмөттү колдой баштагандыктан, лашкерлер аны өлтүрүүгө аракеттенгенде, 6-март күнү кагылышуулар чыккан. Андан бери бардыгы болуп бир жүз элүүгө жакын адам курман болду, алардын көпчүлүгү "Өзбекстан исламдык кыймылынын" жоокерлери.

Ахмед Рашиддин айтымында болсо, келгиндер жергиликтүү калк менен тил табыша албай жатат деген пикир - чыныгы абалды жөнөкөйлөштүргөндүк: "Менин оюмча, түзүлгөн абал - Пакистан өкмөтү айткандан алда канча татаал. Чындыгында өзбек лашкерлерине каршы согушуп жаткан жергиликтүү уруулардын жоокерлери өздөрү талибдер жана алар 'ал-Каида' менен Талибан кыймылынын жетекчилери менен байланышкан. Ошондуктан бул окуяларды - лашкерлердин өз-ара чатагы деп эсептесе болот".

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG