Азим Исабеков өлкөдөгү саясий абалдын туруктуулугу үчүн кызматтан өз калоосу менен кете тургандыгын кечээ эле билдирген, деди Адахан Мадумаров. Анын айтымында, өкмөт башчысынын өз каалоосу менен кызматтан кетиши бийликтин коалициялык өкмөт түзүүгө жасаган алгачкы кадамы. Бул тууралуу А.Мадумаров маалымат жыйынында билдирди. Ал маалымат жыйынын башка темада берип жаткан, ал А.Исабековдун кызматтан кеткенин ошол маалымат жыйыны маалында билди.
Азим Исабеков 28-мартта биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов баш болгон үч министрди жана өкмөттүн аппарат башчысын кызматтан кетире тургандыгын билдирген. Ошол эле күнү түштөн кийин президент К.Бакиев өкмөт курамы менен жолугушуп, эч бир министр кызмат ордунан бошотулбастыгын айткан.(AJ)