Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: БИЙЛИК МЕНЕН БИЗНЕС БИРИГИП АЛДЫ


«Азаттыктын» маектеши мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов.

- Таласта эки алтын кенинин иштешине каршы митинг болду. Таластыктардын талаптары канчалык жүйөлүү?

- Бир чети негиз бар. Себеби “Жерүй” алтын кени саясий оюнга курал болуп айланып кетти. Анткени, эң башында эле бул кенди иштетүүгө шылуундар келген. Мен аларды мурда эле жакшы билгем. Алар кендин аркасы менен баалуу кагаздарды чыгарып, кенди шылтоо кылып иштетпей, акча менен чайкоочулук жүргүзүп келгендер. Кийин 2005-жылы жаңы кен иштетүүчүлөрдү тапканда да, тандаганда да жең ичинен иштетилип калганы элдин нааразычылыгына себеп болууда?

- Өлкөдөгү кырдаалды сөз кылсак. Азыркы абал өтө курч, атүгүл Кыргызстанда кагылыштар болуп кетиши ыктымал деген пикирлер көп айтылууда. Сиздин оюңуз кандай?

- Бул пикирге мен кошулам, тирешүү күчөп баратат. Кырдаал күн сайын курчуганы ар бир адамга көрүнүп турат. Бул жакшы көрүнүш эмес, чара көрүш керек эле. Бийликтегилер, оппозиция болгондор өлкө бүтүмдүгүн баарынан өйдө коюп, иш кылышса болот эле. Албетте, эң алгачкы ири кадамды президент жасаш керек.

- Ал кандай кадам болуш керек?

- Президент саясатчылардын талабын мейли эске албасын, бирок элдин талабын эске алыш керек эле. Эл эмнени күтүп отурат? Эл акыйкат, адилет саясатты, туруктуулукту күтүп отурат. Эки жыл болду, ири мүлк мыйзам бузуу менен менчиктештирилген Акаевдин доорундагы ири мүлктүн бири дагы элге кайтарылып берилген жок. Акаевдин доорунда элди эзип, мамлекеттик мүлктү тоногондордун бири да жоопко тартылган жок. Тескерисинче президенттин айланасына чогулуп калды. Ири ишкерлер бийлик башында жүрөт. Буга баш мыйзам жол бербейт. Мисалы, ошол эле биринчи вице-премьер Данияр Үсөнов эң ири ишкер. Ал бийликке жакын жолобош керек эле. Бирок бул Баш мыйзамдын талабын президент өзү одоно бузуп, Үсөновду биринчи вице-премьер кылып атат. Мына эл калыстык орносун, акыйкат болсун деп атат. Ушул талапты эске алыш керек эле. Оппозициядан өкмөткө келет деген сөз болуп атпайбы, коалициялык өкмөт жөнүндө. Оппозициянын көбү ири ишкерлер, аны эл жакшы билет, ошол эле Атамбаев, Бабанов, Байболов, Өмүрбек Абдрахманов, башкалары. Биздин Баш мыйзамдын 56-беренесинде жазылган ачык айкын, "ишкерлер депутат боло албайт. Коммерциялык уюмдун байкоочулар кеңешинин курамына кирүү мүмкүн эмес” деп. Бирок муну эч ким эске албайт. Баш мыйзамга ушундай мамиле кылгандан кийин бизде мыйзамдуулук болобу? Албетте болбойт. Чолпоната базары тууралуу көчөгө чыгабыз деп атат, Каракол шаар мэринин машинесин кечээ тартып алышыптыр. Токмоктогу автобазадагы кишилер Акүйгө келип пикет кылып атат. Бул башкаламандыктын башталганынын белгиси.

- Ушул башаламандыктан, кризистен чыгуу үчүн эмнелер жасалыш керек?

- Өкмөттүн курамын өзгөртүп башаламандан, бүгүнкү абалдан чыгып кете албайбыз. Алүчүн бир эле шарт бар - өлкө башкарууну өзгөртүү керек, өлкө башкарууга элди катыштырып, элдик курултайдын алдында бийлик жылына жооп берип турушун мыйзамдаштырбасак, бийлик 15 жыл бою Кыргызстандагы бир дагы жетекчи өз ишине жооп бербей келатат. Ошон үчүн Алматы шаарында кыргыздарды саткан бир эмес 3 кул базары бар экен. Ушуга качан тыюу салабыз. Кыргыз тентип, малай, кул болуп бүттү. Эл өлкө башкарууга катышып, жаңы Баш мыйзамды эл өзү кабыл алып, ошол Баш мыйзамга ыйык мекен, улуттун улуу улугун бадырайтып башына жазганда кыргыз намысына келет, улуттук сезим ойгонот, рух көтөрүлөт. Ошондо кыргыз оңолот, азыр өкмөттүн 6-7 министри алмашкандан эч нерсе өзгөрүп кетпейт.

- Кечээки окуяга кичине токтоло кетсек. Министрлердин кызматынан кетип кайра иштеп калышынын артында кандай себептер бар деп ойлойсуз?

- Бул баарыбызга түшүнүктүү, өкмөт башчысынын сунушун президент кабыл алгандан кийин гана маалымат жыйынын өткөрсө туура болмок. Ишке ашпаган сунушу боюнча премьер алдын ала уу-дуу кылганы бийликке кадыр алып келип ишенич туудурбайт. Бүгүн кырдаал курчуп баратат. Өкмөт менен президент бирдиктүү алдын ала макулдашып иш жүргүзсө жакшы болот эле. Болбосо бир оюн, же далбастоо болуп бараткансыйт. Анын үстүнө премьер буйрукка кол коё албайт. Буйрукка, жардыкка президент гана кол коё алат. Премьер ошондой сунуш киргизүүгө укукту. Бул Баш мыйзамда жазылган. Демек, биздин жаш премьер-министрдин шашып кеткенин ачык-айкын көрсөттү. Бирок бул Кыргызстанга барк алып келбейт. Коңшу өлкөлөр мунун баарын угуп атат, айтып атат да: булар эмне кылып атат, премьер-министри алдым деп жатса, президент иштей бергиле деп жатса, бул эмне деген өлкө деген пикир болуп атпайбы, баарыбыз үчүн уят иш болду.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG