Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 05:01

АЛМАЗ АТАМБАЕВ ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН БАШЧЫСЫ


29-мартта Азим Исабеков премьер-министр кызматынан бошотуп коюу тууралуу президентке арыз берип, аны президент кабыл алды. Ушул эле күнү президент Алмаз Атамбаевди өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындады.

Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев 2005-жылы өнөр жай, соода жана экономика министри болуп дайындалган. Бирок президент менен пикир келишпестиктерге байланыштуу 2006-жылдын башында өз эрки менен кызматтан кеткен. Андан кийин Алмаз Атамбаев «Реформа үчүн» кыймылдын лидерлеринин бири катары конституциялык реформа, үй-бүлөлүк бизнес, коррупцияны токтотуу талаптары менен жаз, күз айларында митингдерди уюштуруп, ал 2007-жылы ноябрь айында жаңы конституцияны кабыл алуу менен аяктаган.

Феликс Куловдун парламентте бекитилбей калышы жана декабрь айында жаңы конституциянын кабыл алынышы саясий кырдаалды курчутту. Мындай шартта «Реформа үчүн» кыймылдын бир бөлүгү бийлик менен сүйлөшүүгө барууну жактап чыгышты. Бул маселе боюнча кыймылдын калган мүчөлөрү менен пикир келишпестиктерге байланыштуу А.Атамбаев, А. Бекназаров, Р. Отунбаева, Д. Садырбаев , Э. Байсалов «Кыргызстандын биримдиги үчүн» кыймылын түзүп, президент менен биргеликте коалициялык өкмөт түзүүнү сунушташты.

Бул сунушка шарт түзүү үчүн премьер-министр Азим Исабеков шаршемби күнү биринчи вице премьер-министр Данияр Үсөнов баш болгон беш министрди кызматтан алууну сунуштап президентке кайрылды. Бирок бейшемби күнкү билдирүүсүндө Исабеков бул кадамдын жарым-жартылай болуп калганын белгилеп, өлкөдөгү туруктуулук, тынчтык жана биримдик үчүн өзү кызматтан кетүүгө президентке арыз берген.
Исабековдун мындай чечимине байланыштуу бейшемби күнү эртен менен президент өкмөт мүчөлөрү менен жолугушкан. Анда кабыл алынган чечимдер тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди:

"Президент премьер-министр Азим Исабековдун кызматтан бошотуу тууралуу арыз бергенин билдирди. Ошондой эле президент премьер-министрдин милдетин аткарууну белгилүү саясатчы Алмаз Атамбаевге жүктөгөнүн жана анын талапкерлигин бекитүүнү Жогорку Кеңешке киргизгендигин маалымдады".

Алмаз Атамбаевдин талапкерлиги парламентке жолдонду. Эми ал Жогорку Кеңеште колдоо табабы? Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Арзыбек Бурканов мындай жообун берди:

"Жүз пайыз колдоо табат десек жаңылбайбыз. Эгерде фронтко кирген анча-мынча депутаттар каршы чыкпаса, көпчүлүк колдойт. Бардыгы коалициялык өкмөттүн түзүлүшүн туура маселе болуп жатканын белгилешүүдө. Бүгүнкү күндө кырдаалды курчута бербей кыргыз элине тынчтык берилишин, өкмөттүн иштешин жакташууда".

Ал эми депутат Айдарбек Керимкулов Атамбаевди бекитүү маселесине карата мындай пикирин айтты:

"Мен ойлоймун, боло турган премьер-министрдин программасына, командасына, көз караштарына жараша депутаттардын реакциясы болот. Депутаттар такай эле калыстык менен баасын берип келатат. Бул жолу да ошондой болот деген ойдомун".

«Реформа үчүн» кыймыл бейшембидеги жыйынында азырынча коалициялык өкмөткө кирбөө чечимин кабыл алышты. Алар алгач конституцияны өзгөртүп, андан кийин коалициялык өкмөт түзүүнү жакташууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG