Азим Исабековдун өзү кечээ тараткан билдирүүсүнө караганда, ал мындай чечимди өлкөдөгү саясый туруктуулукту сактап калуу максатында кабыл алган.
“Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов Азим Исабековдун өкмөт башчылыктан кетип калышы өлкөдөгү абалдын мындан да курчушуна алып келет деп эсептейт:
“Бул жерде мамлекет башчы Курманбек Бакиев жөндөмү жок адам экенин көргөзүп койду. Азим Исабековдун кетип калышы туруктуулукка алып келбейт, абалды мындан да курчутуп, жаңы президенттик шайлоого алып келет”.
Өмүрбек Абдрахманов ошондой эле Азим Исабеков кызматтан кетүү чечимин өз демилгеси менен эмес, президенттин түрткүсү менен жасады деген ойдо:
“Мындай кадамга президент өзү түрттү да. Ал эптеп жанын сактап калышы үчүн аракеттерди кылып атат. Бирок мындан тыянак чыгышы мүмкүн эмес”.
Канткен менен, өкмөт башчынын кетиши өлкөдөгү абалды жөнгө салууга өбөлгө түзөт деген пикирлер да бар. Маселен, президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акундун айтуусунда Азим Исабековдун ушундай чечим кабыл алышы анын өлкөдө бейпил болушуна кызыкдар экенин далилдеп турат:
“Азим Исабековдун туруктуулук үчүн кеттим дегени туура деп ойлойм. Анткени ал жеке амбициясы үчүн эмес, тынчтык үчүн аракет кылган жигит экенин көргөздү”.
Шаршемби, 28-мартта Азим Исабеков биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов баш болгон үч министрди жана өкмөттүн аппарат башчысын кызматтан кетире тургандыгы маалым болгон. Ошол эле күнү бир нече саат өтпөй президент Курманбек Бакиев өкмөт курамы менен жолугушуп, бир да министр кызмат ордунан бошотулбастыгын жарыялаган. Саясатчы Ишенбай Абдыразаков өкмөт башчынын президенттен көз карандылыгы Азим Исабековдун кызматтан чегинүүсүнө негиз болушу мүмкүн дейт:
“Премьер-министр өзүнүн ойлогон оюн ишке ашыра албаса, коомучулукка айтып койгон нерсени жогору жактан кайрадан алып коюп атса, ал деле ыза болду да. Саясый туруктуулук үчүн кетип атам дегени бир себеп, болбосо ушундай абалда көз каранды болбой, эле кетип калайын деши да мүмкүн”.
Азим Исабековдун өз каалоосу менен кызматтан кетиши айрымдар үчүн күтүүсүз болду. Ал эми мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров кызматтан кетүү тууралуу Азим Исабековдун чечими 28-мартта эле белгилүү болгонун айтып, өкмөт башчысынын өз каалоосу менен кызматтан чегиниши бийликтин коалициялык өкмөт түзүүгө жасаган алгачкы кадамы экенин кечээки маалымат жайынында билдирди:
“Ал киши кызматтан кеткен болсо ал өзүнүн укугу, эрки бар. Президенттин катышуусундагы жыйынында деле Бакиев айтпадыбы, кызуу кандуулукка алдырбаңыздар,иштей бериңиздер деп. Бул чечимди Азим Исабеков ошондо эле 28-мартта айткан. Ал жаңылык эмес”.
Азим Исабеков премьер-министр болуп туптуура эки ай иштеди. Ал бул кызматка ушул жылдын 29-январында дайындалган эле.
Мээрим Султангазы,Прага