Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

АРАБ ЛИГАСЫ ИЗРАИЛ-ПАЛЕСТИНА ЧАТАГЫ БОЮНЧА ӨЗ СУНУШУН КАЙРА КАЙТАЛАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 28-29-март күндөрү Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында Араб мамлекеттер лигасынын 19-бийик жолугушуусу болуп өттү жана анда араб мамлекеттери Палестина-Израил чатагын жөнгө салуу боюнча кайталады мурдагы сунушун кайра кайталады.

2005-жылы Сауд Арабиядагы бийликке падыша Абдулла келгенден бери, өлкө жетекчилиги Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу багытында бир топ аракет көрө баштады. Былтыр жайында Ливанда согуш жүргөндө Эр-Рияд "Хизбалланын" аракеттерин сынга алган, быйыл февралда Палестина жетекчилерин Мекке шаарына чакырып, аларды бирдиктүү өкмөт түзүүгө көндүрдү, март айынын башында болсо Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад дагы Сауд Арабияга келип кетти.

28-29-мартта Эр-Риядда өткөрүлгөн Араб мамлекеттер лигасынын бийик жолугушуусуна Ливия президенти Муамар Каддафиден башка бардык араб жетекчилери келди жана андан тышкары жыйынга Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун, Европа Биримдигинин тышкы саясаты боюнча бийик өкүл Хавьер Солана жана башка саясатчылар катышты.

Жыйында Сауд Арабия - ал өзү 2002-жылы Бейрут шаарында өткөн саммитте жасаган сунушту дагы бир жолу кайталады жана бардык араб жетекчилери аны менен 28-мартта макул болду. Ал сунуш боюнча, 1967-жылы Израил басып алган бардык араб жерлери бошотулууга тийиш, Палестина эгемендүү мамлекетке айланат жана анын борбору - Чыгыш Йерусалим болот. Ага жооп катары бардык араб өлкөлөрү, анын ичинде Палестина дагы Израилди мамлекет катары тааныйт.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри, ханзада Сауд ал-Файсал мурда билдиргенге караганда, абалды калыбына келтирүү үчүн жалаң гана Израилдин кызыкчылыктары камсыз кылынбастан, экинчи тараптын дагы туруму ошончолук эле деңгээлде эске алынууга тийиш. Анын айтымында, араб мамлекеттери тарабынан мурда көтөрүлгөн бардык тынчтык демилгелерин Израил четке кагып келген, азыр дагы бул сунушка Тель-Авив макул болбосо, абалды оңдош үчүн күч да колдонулушу мүмкүн.

Сауд Арабиянын демилгесин Израил 2002-жылы четке каккан, анын айтымында, сунушталып жаткан планда араб качкындарын үй-үйлөрүнө кайтаруу керек деген талаптан тышкары абалды калыбына келтирүү боюнча башка эч чара каралган эмес. Йерусалим шаары боюнча дагы эки тараптын пикири ар башка.

Хавьер Солананын айтымында, Эр-Рияддын сунушун ишке ашыруу кыйын: "Биринчиден, араб дүйнөсүнүн пикири бул жыйында кайра кайталанганы өтө маанилүү. Бул сунуш дагы бир жолу күн тартибине коюлууда, эми ал ишке кантип ашырыла башташы мүмкүн экенин караш керек", - деди Солана жыйындын биринчи күнүндө.

Айрым эксперттердин пикиринде, өз сунушун кайра кайталоонун алдында Сауд Арабия аны - Израилдин негизги колдоочусу АКШ менен дагы талкуулаган. Жакынкы Чыгыш мамлекеттерин үстүбүздөгү аптада кыдырган АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 25-мартта Мисирге келгенде ал сунушту - тынчтык орнотуу аракеттерине негиз боло ала турган тепкич деп мүнөздөгөн. 26-март күнү Райс Израилдин премьер-министри менен жолукканда, Эхуд Олмерт араб демилгесин дароо четке каккан эмес, бирок 29-мартта вице-премьер Шимон Перес - ал сунуш талкууланууга тийиш деп билдирди. Эр-Рияддагы жыйындын ачылышында болсо падыша Абдулла АКШнын Ирактагы согушун мыйзамсыз деп атады.

XS
SM
MD
LG